Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

"Жерибизди алдырган жокпузбу деп үзүлдү”. Айыл эли эки уулунан айрылды  


Кулатбек Абдисамат уулу, Нургазы Мамытов. Коллаж
Кулатбек Абдисамат уулу, Нургазы Мамытов. Коллаж

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кол салууда Баткен районундагы Ак-Татыр айылы эки чек арачы уулун жоготту.

Курман болгондордун бири - прапорщик Нургазы Мамытов. Ал 1988-жылы ушул айылда туулган. Баткен районунун "Орто-Боз" чек ара тозотунун фельдшери эле. Нургазынын атасы Миталип Мамытов баласынын эрдигин, аны менен сыймыктанарын айтты.

"Канчалаган үй-бүлө биздей болуп боздоп калды"

“Мен жалпы Кыргызстанда жаш балдар каза болгонуна кайгырып турам. Канча деген үй-бүлө биздей болуп боздоп калды. Балам жоро-жолдошторуна, эл-журтка жаман айтпаган, жүрөгү таза эле. "Ата, мен кызмат кылам" дечү, кой десем да болбойт эле. Аягында “бир метр жер бергенден көрө өлгөнүм жакшы” деп кеткен. Мен балам менен сыймыктанам”.

Миталип Мамытов
Миталип Мамытов

Миталип Мамытовдун эки уулу Чек ара кызматында иштечү. Аларды чек арадагы жаңжалга атасы өзү жөнөтүп, эми бирөөсүнөн ажырап отурат. Нургазы Мамытовдун колтугунун ылдый жагына снаряддын чачырандысы тийип, жүрөгүн аралап кеткен экен. Ал Раззаков шаарындагы ооруканага жетпей үзүлгөн.

“Мен мамлекеттен материалдык жактан эч нерсеге муктаж эмесмин. Моралдык колдоого муктаж болуп турам. Болбогон бир абалда калдым. Балама ыраазымын. Кызматын элге, мекенге кылыптыр”, - деди атасы көзүнө жаш алып.

Кыргыз-тажик жаңжалы чыккан маалда Нургазы Мамытов эмгек өргүүсүндө жүргөн. Бирок каргаша башталганда ал бир тууган агасы Алмазбек Мамытов жана аталаш эки тууганы менен Ак-Татыр айылынын ылдый жагындагы кармашка кеткен.

Алмазбек Мамытов
Алмазбек Мамытов

“Төрт тууган жакын жерлерде, 200 метр аралыкта болгонбуз. Ал аягында буктурмада калып кетти, ага жардам бере албай калдык. Тажик тарап бизди баш көтөртпөй атып туруп алды. Жанында бир жоокер болгон. Анын колуна ок тийген. Тажиктер аларга жакын жерде болуп, биз тарапка мөндүрдөй ок жаадырып туруп алды. Аягында эч арга болбой, иним жанындагы жарадар аскерди чыгарган, "сен чыга бер, мекен үчүн мен тик турам" дептир. Колго түшкөнчө мекен үчүн тик туруп өлгөнүм жакшы деп бизге чеп болуп берди. Чолпонбайдай эле өлдү. Иним менен сыймыктанам”, - деп Нургазынын бир тууган агасы Алмазбек Мамытов чек арадагы жаңжалды эстеди.

Алмазбек Мамытов бир тууганын ок атылып жаткан жерден алып чыгып, “Тез жардам” менен ооруканага өзү алып жөнөгөн. Нургазы Мамытов жолдон эсине келе калганда чек арадагы кырдаалды сурап, агасынын “баары жакшы” деген жообун уккандан кийин өмүр менен кош айтышып, үзүлүп кеткен.

“Исфанага жетейин дегенде акыбал кандай дегендей кылып сурады. Толук айта албады. Такалып-такалып сүйлөп жатты. Бирок мен түшүндүм да. “Жерибизди алдырган жокпузбу” деди”.

Нургазы Мамытов
Нургазы Мамытов

Нургазы Мамытов аскерге келгенден кийин Төрт-Көчө тилкесинин жанындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөй баштаган. Эки жылдан кийин отставкага чыкмак. Анын артында төрт кызы калды.

“Жаманга жорубайын, тим отурайын дедим. Эки күн маанайымды түшүрбөгөнгө аракет кылдым. Кудайга жалындым. Ташка жай намазымды салып тиленип отурдум. Бирок баламды алып кетти”, - деп үшкүрүндү Нургазынын апасы Минавар Мамытова.

Нургазынын жубайы Жаркынай Абдыразак кызы кош бойлуу. Ал ичиндеги баланы ойлоп көп күйүткө түшпөйүн десе дагы көзүнөн аккан жашы тыйыла элек.

“Акыркы күндөрү кыздарына аябай мээримдүү болуп калган. Биз билбептирбиз. Бизди кыйын күнгө калтырды. Төрт кызым менен эмне кылам?”.

"Эки жолдошун таштай албай, аягына чейин туруптур"

Ушул эле күнү Ак-Татыр айылында Нургазынын үйүнөн анча алыс эмес жерде 31 жаштагы чек арачы Куланбек Абдисамат уулунун да кыркы өттү. Чек ара кызматынын аскери кыргыз-тажик чек арасындагы кол салууда курман болгон. Ал акыркы жолу жубайына WhatsАpp аркылуу өзүнүн сүрөтүн, кыска билдирүү жөнөткөн.

"Мени алаксытпай тур" деп аудио жөнөттү. Кийин кайра-кайра чалсак да жооп бербей койду. "Башталдыбы?" деп жазсам, "жок, мен жакшымын" деди. Кийин жазгандарым ага жетти, бирок ошону менен ачып окубай койду", - деди жубайы күйөөсү менен WhatsАpp аркылуу жазышкандарын көрсөтүп.

Кулатбек ага чейин айылдын WhatsАрр тайпасына маалымат берип, ок атылып жаткан жерге жакын келген тургундарды коопсуз жайга чыгарууга жардамдашкан.

"Туугандар, Үч-Дөбөдөгү тоонун үстү, тажиктердин мектебинин жогору жагы бар го, биз ошол жердебиз. Бул жакка тажиктер да чыгышты. Биз ошолор менен атышып жатабыз. Ылдыйга эл машине менен келишкен экен. Ошолорго айтып койгула кайтып кетсин. Үч-Дөбөдө жашагандар окшойт". (WhatsАpp аркылуу келген билдирүү)

Кулатбек беш жоокер менен чогуу тоо тараптагы позициянын бирин ээлеп турган. Алар жайгашкан жерге коңшу өлкөнүн аскерлери тынбай ок жаадырып, туш тараптан курчап келген. Атышууда жарадар болгон эки жоокер айылга түшүп, калган үчөө аягына чейин кармашкан.

Абдисамат Таштемиров
Абдисамат Таштемиров

“Балам акыркы огуна чейин туруп берди. Алар бараткан жай тургундарды кайткыла деп, жаш аскерлерди да кетирип жиберген. Өзү акырына чейин согушту”, - деди Кулатбектин атасы Абдысамат Таштемиров.

Тоо башында курман болгон үч жоокердин сөөгүн бир күндөн кийин туугандарына беришкен. Кулатбекти майрам сууга алгандар жоокер денесинен бир нече жаракат алганын көрүшкөн.

Ак-Татыр айылынын тургуну
Сиражидин Марданов окуяны мындай баяндады:

“Ал эки жоокерди силер атышканга жарабай калдыңар деп кетирип жиберген. Алар тоонун аркы бети менен түшүп кетишет. Кийин аны менен калган эки жолдошу да жараат алган экен. Кулатбек аларды таштай албай, аягына чейин кармашкан”.

Кулатбек тоо тараптагы позицияда атышып жаткан учурда башка жоокерлер менен да байланышып, каршы тарап улам жакындап келатканын айтып турган. Эң акырында рациядан “он метр калды, мен турган жерди миномет менен аткыла” деген билдирүү жибергенге үлгүргөнүн айылдаштары айтышты.

Баткен районундагы Төрт-Көчө аймагында чек араны коргоп, курман болгон жоокер Кулатбек Абдисамат уулунун артында беш баласы калды.

Кулатбек Абдисамат уулу үй-бүлөсү менен
Кулатбек Абдисамат уулу үй-бүлөсү менен

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын 23-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирип, аларды этият болууга чакырган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Чек ара: Ак-Татыр эки уулунан айрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:34 0:00
  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG