Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырганын билдирди


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирди. Ал бүгүн 27-сентябрда билдирүү жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, андыктан убакытты текке кетирбөөнү чечкенин айтты.

“Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим" деди саясатчы.

Сулайманов боюнча расмий жарлык азырынча жарыялана элек.

Бул кызматка ал быйыл 24-февралда дайындалган. Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы Садыр Жапаров анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койгонун маалымдаган.

49 жаштагы Алтынбек Сулайманов Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке барган. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясын, 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку жылдары ал шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG