Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

Баткен: жаңжалда жабыркаган үйлөрдү 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат


16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөр. Баткен району, Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.
16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөр. Баткен району, Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган, талкаланып-өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

"Чыгымдарды эсептөө жана сапаттуу иликтөө жүргүзүү үчүн учурда аймакта 31 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Мында топторго тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзгү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салууда жалпы 622 үй жабыркаган болсо анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталганын билдирген. Андан сырткары 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП 323 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн.

Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG