Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

БДК Камчыбек Ташиевди кызматтан алууну талап кылды


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Оппозициялык "Бириккен демократиялык кыймыл" (БДК) Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек арага байланыштуу кол койгон протоколдорун жана айткандарын сындап билдирүү таратты. Анда Ташиевдин соңку кадамдары "коомду дүрбөлөңгө салып, элдин тынчсыздануусун жана кооптонуусун күчөткөнү" белгиленген.

"Төрт чек ара постунун алынышы баткендик мекендештерибизди коргоосуз калтырды. Толкунданган элибиз азыркы бийликке катуу талаптар менен чыкты. БДК элдин талабын түшүнүү менен кабыл алып, толугу менен колдойт. Эки жылдын ичинде Кыргызстан эки жолу коңшу мамлекет тарабынан куралдуу кол салууга дуушар болду. Анткени Камчыбек Ташиев кызматка келери менен чек ара маселелеринде такталбаган, ойлонулбаган чечимдери менен мамлекетти ушул абалга алып келди. Чек ара маселелерин чечүүдө улуттук кызыкчылыкты коргой алган жок. Камчыбек Ташиев башка бийлик бутактары менен макулдашылбаган, олдоксон билдирүүлөрү, алешемдик, алабармандык тайкы сөздөрү жана жашыруун иштеринин кесепетинен 100гө жакын кырчындай уул-кыздарыбыздан жана жоокерлерибизден ажырап, миңдеген адамдар жабыр тартты",-деп жазылган билдирүүдө.

Оппозиция мындан улам президентке кайрылып, Ташиевди токтоосуз кызматтан алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

УКМКнын төрагасы БДКнын талабы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында ал чек арага байланыштуу соңку чечимдерди сындагандарды коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатат деп айыптаган.

"Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, "менден кийин эмне болсо ошол болсун" деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз", - деген Ташиев.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG