Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Баткен: Облустук администрация алдына чогулгандар талаптарын айтышты


Баткен.

Баткен облустук администрациясынын алдында бүгүн 27-сентябрда адамдар чогулуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, ага Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышты.

Чогулган 50 чакты адам менен облус башчысы Абдыкерим Алимбаев жолукту. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышты.

Администрациянын алдындагы акция боюнча жергиликтүү бийлик азырынча маалымат бере элек.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG