Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Түркияда төрт күндөн бери "Манас жумалыгы" өтүп жатат


Бурса шаары. 22-сентябрь. 2022-жыл.
Бурса шаары. 22-сентябрь. 2022-жыл.

Түркиянын Бурса шаарында төрт күндөн бери "Манас" айтылып жатканын Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу "Азаттыкка" билдирди.

"113 сааттан бери күнү-түнү "Манас" айтылып жатат. Иш-чара жакшы уланууда. Комиссиянын сегиз мүчөсү бар. Жаңылган жерлерин жазып жатышат. Таңга маал жаңылып кеткен учур болгон. Манасчылар чарчап, уйкусу келген жагдайлар болот экен. Бирок азыр баарынын абалы жакшы", - деди Биймырза уулу.

21-сентябрда Түркиянын Бурса шаарында "Манас жумалыгы" башталган. Ага Кыргызстандан, Казакстандан жана Түркиядан 14 манасчы катышууда.

Жумалык 28-сентябрда жыйынтыкталат. Иш-чараны жергиликтүү бийлик, ТҮРКСОЙ уюму жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштурган.

2022-жылы Бурса шаары "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG