Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

ТИМ Тажикстанды "тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүүдө" деп сындады


ТИМдин имараты.
ТИМдин имараты.

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Тажикстан чек арадагы соңку окуя үчүн жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодарып, эл аралык коомчулук алдында тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүп, Кыргызстандын коргонуу аракетин дискредитациялоо багытын карманын жатат" деген билдирүү таратты.

“Тажикстан биздин өлкөгө каршы куралдуу агрессиясы үчүн айыбын моюнуна албай турганы жана күнөөнү бизге оодарууга аракет кылары башында эле түшүнүктүү болчу. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жана башка эл аралык документтерде камтылган аймактык бүтүндүк, чек аралардын бүтүндүгү, талаш маселелерди тынч чечүү, күч колдонбоо, күч менен коркутпоо, адамдын эркиндиктери жана укуктары деген негизги эл аралык принциптерди бузду. Кыргызстанда тажик аскерлери агрессия баштаганынын жана алардын кылмыштарынын бардык далилдери (фото жана видео) бар. Кыргызстан Тажикстанга таандык жерлерди ээлеп алды деген сөздөр да коңшу мамлекет жайылтып жаткан тескери маалыматтын бир бөлүгү”, - деп айтылат кыргыз ТИМинин билдирүүсүндө.

Кыргыз тарап “Коңшуларыбыздан айырмаланып биз эч качан бирөөнүн аймагын басып алуу максатын койгон эмеспиз жана өз жерибиздин бир да сантиметрин эч кимге бербейбиз” деп белгилеп, эгер мындан ары да чек арада чыңалуу жаралса, жоопкерчилик бир гана тажик тарапта болорун эскертти.

Ошону менен катар ТИМ “Тажикстандын экинчи агрессиясына карабастан Кыргызстан бардык чек ара жана ич ара маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек. Мындай эрк жана даярдык кыргыз тарапта бар” деп кошумчалады.

Дипломатиялык мекеменин билдирүүсү боюнча тажик тарап комментарий бере элек. Буга чейин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы "аскердик агрессияда" 40 тажик жараны каза таап, 200дөй киши жараат алганын билдирди.

Ал Тажикстан эл аралык тажрыйбага таянып, “коңшуларга чек аранын тийиштүү тилкелери боюнча келишимге кол коюп, көп жылдык эмгектин жыйынтыгын юридикалык жактан бекитүүнү сунуштаганы менен биздин коңшулар андай сунуштан кескин баш тартып жатат” деген.

20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун жогорку трибунасында туруп 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атаган, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган.

Президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кийин чек араны чечүү үчүн Дүйшөмбүгө барганын, бирок “ал жолугушуудан эч майнап чыкпаганын” айткан.

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяда Кыргызстан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG