Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Кытайдын мусулмандарга жасаган катаал мамилесин БУУда талкуулоо сунушталды


Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерге түшүп чыккан этникалык казак Эсин Эркин уулу.
Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерге түшүп чыккан этникалык казак Эсин Эркин уулу.

Кошмо Штаттар жана Батыштын бир нече мамлекети Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча кеңешинде Кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга каршы жасалган катаал мамилесин талкуулоону сунуштады.

Дипломаттар билдиргендей, АКШ, Канада, Британия, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия жана Швециянын сунушу жактырылса, маселе кийинки жылдын башындагы жыйындын күн тартибине коюлат.

"Биз адам укуктарынын системалуу олуттуу бузулушуна көз жумуп жүрө албайбыз. Бул кеңеш унчукпай кала албайт жана калбаш керек", - деди Британиянын БУУдагы элчиси Саймон Мэнли.

Адам укуктары боюнча башкармалыктын жетекчиси Мишель Бачелет кызматтан кетердин алдында, Бээжинди соңку жылдары Шинжаңда адам укуктарын олуттуу бузганы үчүн айыптаган баяндаманы 31-августта жарыялаган.

Анда Кытай бийлиги уйгур, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарын күчтөп камап, кыйноого алганы белгиленет.

Расмий Бээжин баяндаманы Батыш державалары уюштурган өнөктүктүн бир бөлүгү, "жалган маалыматтын топтому" деп атаган.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Британиянын, Нидерланддын, Канаданын, Франциянын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG