Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Украинанын чыгышында айыгышкан салгылашуу уланууда


Украинанын чыгышы.
Украинанын чыгышы.

27-сентябрда Украинанын чыгышында жана Харьков облусунун түндүк-чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланды. Украинанын президенти Владимир Зеленский түнү жасаган кайрылуусунда Донецкидеги кырдаал "өзгөчө оор" болгонун билдирди.

Жергиликтүү бийликтин башчылары билдиргендей, Орусия соңку күндөрү Одесса облусуна ирандык учкучсуз аппараттар менен беш ирет сокку урган.

Днепропетров облусунун губернатору Валентин Резниченко билдиргендей, орус армиясы Кривой Рог шаарынын аэропортуна ракеталык сокку урду. Мындан улам аба жай толук талкаланып калды.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга байланыштуу каршылык акциялары уланып жатат. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти. ОВД-Инфо укук коргоо тобу билдиргендей, 26-сентябрга карата 2386 киши кармалды.

Жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер өлкөдөн чыгып кетип атышат. Бир катар басылмалар орус бийлиги аскерге милдеттүүлөргө сыртка чыгууга тыюу салышы мүмкүн экенин өз булактарына таянып жазышты. Бул маселе тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "мага азырынча эч нерсе белгисиз, буга байланыштуу чечим кабыл алына элек" деди.

Ал эми Кошмо Штаттардын президентинин маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Вашингтон мобилизациядан качкан орусиялыктарга баш паанек берүү маселесин караштырып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG