Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Баткенде мектептерди онлайн окутууга өткөрүү каралууда


Калабада зыян тарткан мектептердин бири. Кыргызстан, Баткен облусу. Ак-Сай айылы.
Калабада зыян тарткан мектептердин бири. Кыргызстан, Баткен облусу. Ак-Сай айылы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыштан улам Баткен облусундагы чектеш аймактардагы мектептерди онлайн окутууга өткөрүү каралууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин облустагы өкүлү Абдыкерим Алимбаев 27-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүү болду, жакынкы күндөрү тактоо иштери жүргүзүлөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам зыян тарткан мектептерде окууну улантуу мүмкүн эместигин буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова да билдирип, Баткен жана Лейлек районунда ондогон мектептер жана бала бакчалар зыян тартканын кошумчалаган.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн ондогон жарандарынын каны төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да Бишкекке ушундай эле айып койгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG