Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Активист Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугуна байланыштуу кошумча анализ дайындалды


Ырыс Жешеналиев.
Ырыс Жешеналиев.

Камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиев бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист Эрлан Бекчоро уулу билдирди:

“Догдурлар Ырыстын боорун да тарттырыш керек, боорунда да оору бар экен дешти. Жүрөгүнүн жана боорунун анализдери бешинчи күнгө чейин чыгат экен. Ага чейин кайра тергөө абагына алып кетишти”.

Эрлан Бекчоро уулу Жекшеналиевдин жүрөгү мурда да ооруп жүргөнүн, азыр абалы начар экенин айтып, "аны ооруканага жаткырып дарылоо керек" деген пикирин кошумчалады.

Ырыс Жекшеналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Жаза аткаруу кызматы анын ооруканага барганы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган.

Активист эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 22-сентябрда «ЮРФА» клиникасынан текшерүүдөн өткөрүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG