Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Евробиримдик Кыргызстанга кыйыр санкция коркунучун эскертти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Орусияга каршы санкцияларды колдобогон өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө курал болбошу керектигин эскертти. Атайын өкүл Кыргызстанга иш сапары менен келген.

"Орусияга өнөктөш өлкөлөргө экспорт 300% өстү"

Дэвид О’Салливан Бишкектеги басма сөз жыйынында Евробиримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300% чейин өскөнүн белгилеп, бул товарлардын акыркы жеткен жери кызыктырып жатканын айтты.

"Сөз болуп жаткан 300% бул Евробиримдиктен Кыргызстанга экспорттолгон товар. Мындан тышкары, Европа Биримдигинен Бириккен Араб Эмираттарына, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга, Грузияга, Сербияга экспорт көбөйдү. Евробиримдик мурда Орусияга экспорт кылып, бирок санкциялардан кийин токтотуп койгон товарларды ташуу өстү".

Булардын бардыгы тең санкциялык тизмеге киргизилген товарлар экенин ырастап, анын ичинен согуштук аракеттерге колдонулчу товарлардын ташылып жатканына кабатырлануусун билдирди. Анын айтымында, тетиктери орусиялык курал-жарактардан табылган 770 товар аныкталган. Бул товарлар Орусиянын Украинадагы согушун улантуусуна мүмкүнчүлүк бере турганын белгиледи Евробиримдик өкүлү. Украинадагы согушка байланыштуу Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 10 пакетин бекиткен.

“Биздин милдет - санкциялардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу. Соода агымын талдап чыккандан кийин биз олуттуу өсүштү белгилейбиз, мурда мындай болгон эмес. Кыргызстан да ошондой мамлекеттердин бири. Бирок Кыргызстан мындай жалгыз өлкө эмес экенин белгилейм. Мен Бириккен Араб имараттарында, Түркияда болдум. Казакстан, Өзбекстан, Грузия жана Арменияга да баруу ниетим бар”.

Салливан экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Орусияга сатылуусуна жол бербөө үчүн Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин айтты.

"Кыргызстан бардык эрежелерди карманууда"

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азатыкка” курган маегинде, Кыргызстан бардык эрежелер менен соода жүргүзүп жатканын белгиледи.

“Биздин товар жүгүртүүбүз 2021-жылдан тарта эле бир кыйла өсүп баштады. Өзүңүздөр билгендей, фискалдык реформанын алкагында, коомчулукта көп талкууну жараткан кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) деген пайда болду. Ошонун эсебинен экономикабызды ачык-айкындуулукка чыгарабыз деген маселенин баары тең ушунда камтылып турат. Анткени товар жүгүртүүбүз көмүскөдө жүрүп, патенттин арты менен эсепке алынбай калчу. Азыр ошол товарлардын баары эсепке алынып, импорттук-экспорттук операциялардын баары электрондук эсеп-фактуранын негизинде гана жүрөт. Товарлардын баарын кабыл алуучу мамлекеттердин тизмеси толук көрсөтүлүп турат. Андан сырткары, Казакстан менен электрондук пломбалар боюнча иш жүргүзүп жатабыз”.

Амангелдиевдин айтымында, экспорттук товарлардын көбөйгөнү анык. Бирок биз дагы Дүйнөлүк соода уюмунун эрежесин эске салып, Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнө өзүбүздүн талабыбызды койдук деди министр.

“Биз өзүбүздүн статистикабызды бергенге даярбыз, бирок силер товарлардын тизмесин бизге беришиңер керек дедик. Кайсыл товарлар кыйыр санкцияга түшүп жатат, балким тиричилик товарларынын эле алкагында жүрүп жаткандыр дедик. Анткени биз мунун негизинде экономикабызга терс таасирин тийгизип албашыбыз керек. Себеби биздин соодабыз Орусия менен эле өскөн жок. Мисалы, Европанын бир катар мамлекеттери менен 300 пайызга же 38 миң пайызга өсө турган жагдайбыз бар. Анткени санкциялардын арты менен кээ бир мамлекеттер бизден товарларды ташыганга муктаж болуп калды. Биз транзиттик мамлекетпиз”.

Ошентсе дагы Кыргызстан Батыштын санкциясына кабылган товарлар Кыргызстан аркылуу Орусияга өтпөшүнө кепилдик бере албайбыз дейт министр.

“Бул маселени биз түшүндүрүп бердик. Анткени жанагы кош керектиктеги өнүмдөр турмуш-тиричиликте да, аскер өнөр жайында да колдонулат. Бул тууралуу бизде мыйзам бар. Ал мыйзам аябай катуу иштейт жана жанагы товарлар боюнча биздин мамлекеттик тизме эл аралык тизмеге дал келет. Биз ошонун негизинде көзөмөл жүргүзөбүз. Аталган товарларды бир жакка чыгаруу же экспорттук тастыктамасын толтуруунун өзүнүн ачык-айкын жол-жобосу бар. Аны Батыш өлкөлөрү да жана башка ошол келишимге кирген баардык өнөктөштөрүбүз көрүп турат. Бул жөнүндө кам санабаса да болот. Биздин тизменин дал келе тургандыгын Евробиримдиктин өкүлдөрүнө айтып, түшүндүрүп бердик".

Кыйыр санкциялар коркунучу

Буга чейин Евробиримдик Орусияга Батыш киргизген санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшкөнү үчүн Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө чектөө киргизиши ыктымалдыгын Батыш маалымат каражаттары жазып чыгышкан эле. Анда ушул тапта Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Орусияга Батыштын санкциясын кыйгап кетүүгө көмөктөшүп жаткан өлкөлөргө соода санкциясын киргизүү планын талкуулап жатышканы кабарланган.

Жакында эле Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы февраль айындагы жаңы баяндамасын жарыялап, Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр аркылуу санкцияларды кыйгап өтүп жатышы мүмкүндүгүн билдирди.

"Биз Орусиянын, Борбор Азиянын, Кавказдын жана башка өлкөлөрдүн экспорту жана импорту тууралуу маалымат камтылган Бириккен Улуттар Уюмунун соода порталындагы (UN Comtrade) маалыматтарды талдап көрдүк. Тенденцияларды карап жатып, экспорт көбөйгөнүн көрдүк. Бул экспорт Европа Биримдиги Орусияга жөнөтүүгө жарым-жартылай тыюу салган товарлардын эсебинен өскөн. Армениянын, Кыргызстандын, Казакстандын Орусияга экспорту да абдан өскөн. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн бул өлкөлөргө экспорту көбөйгөнчөлүк деңгээлде эмес",-деген Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын глобалдык экономика боюнча директору Александр Плеханов "Азаттыкка" курган маегинде.

Маалыматка ылайык, былтыр Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга экспорту кыйла азайган. Ошол эле учурда Европа менен Кошмо Штаттардан Армения менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлар 80% көбөйгөн. Ал эми Москвага өнөктөш бул эки өлкөнүн Орусияга экспорту кеминде эки эсе өскөн.

2022-жылы февраль айынын аягында Орусия Украинага кол салгандан кийин санкциялардан улам эл аралык сооданын мурдагы чынжыры бузулду. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасынан обочолонуп калган Кремль олуттуу кыйынчылыктарга кабылып, өзүнө көз каранды мамлекеттердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга өтүүдө дейт эксперттер.

Маселен, өткөн жылдын соңунда иликтөөчү журналисттер Беларус жыгачтары кантип Кыргызстандын атынан Европага экспорттолуп жатканын талдап чыгышкан.

Андагы маалыматтарга караганда, Беларустун жыгач иштетүүчү продукциясына санкциялар күчүнө кирери менен аны Казакстандан ташып келүүнүн көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 74 эсе, Кыргызстандан болсо 18 миң эсе өскөн. Иликтөөдөн кийин Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, 2022-жылдын август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай жатканын билдирген эле.

Анын ичинде Кыргызстан да Орусиянын товарларын эл аралык базарга чыгарууга жана ал жактан Орусияга алып кирүүгө ыңгайлуу аянтча болуп калууда. Кыргызстандын санкциялык товарларды Орусияга киргизип жатканы далилдене турган болсо, кесепети оор болот.

"Биринчиден, биз Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн ташылып келген товар Кыргызстанда же бул жабдыктарды алып келген өлкөлөрүндө өзүндө пайдаланылып жатабы же жокпу аныктап алышыбыз керек. Бул товарлар Орусиядан башка үчүнчү өлкөлөргө реэкспорт болуп жатса маселе жаралбайт. Эгерде Орусияга реэкспорт болгону аныкталса,биз тигил же бул өлкөгө ортомчу болуп Орусияга товар ташууну токтотуу тууралуу өтүнүч жиберебиз. Анткени Кыргызстан жана жогоруда сөз болгон башка мамлекеттер Украинадагы согушта нейтралдуу позицияны карманып турушат. Бул мамлекеттер санкцияларды кыйгап өтүүчү жол болуп калбашы керек",-деди Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан.

Өткөн жылы Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Финансы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген.

Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспортторулушуна тыюу салынары белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG