Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ЕАЭБдин Бишкек саммити эмне үчүн маанилүү?


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (солдо), Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (ортодо), Орусиянын президенти Владимир Путин (оңдо). Бишкек. 9-декабрь, 2022-жыл

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кең чөйрөдөгү жыйыны башталды.

Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баштаган өкүлдөр катышууда.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул жыйынга байкоочу мамлекеттин өкүлү катары катышып жатат.

Президент Садыр Жапаров анда сөз сүйлөп, Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жалпы аракети менен ушул жылы жазында азык-түлүк каатчылыгынын алды алынганын билдирди.

"Жалпы каржылык туруктуулук камсыздоодогу маанилүү кадамдын бири - өз ара соода-сатыкта улуттук валюта менен эсептешүүнүн көбөйтүү чарасы болуп калды. Кыргызстандын аталган уюмга мүчө өлкөлөр менен соода-сатыгы үч кварталдын ичинде 30%, ал эми экспорту 40% көбөйдү",-деди Жапаров.

Мунун алдында аталган кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн.

Садыр Жапаров анда жыйын каржылык-экономикалык маселелердин маалына, пандемиядан кийинки каатчылыкка туш келгенин белгиледи.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономикасы чоң басымга кабылганы байкалып турат. Ушундай татаал шартта мамлекеттин башчылары катары бири-бирибизге пайдалуу шартта соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн бизден көз каранды болгон бардык аракеттерди көрүшүбүз керек",-деди Садыр Жапаров.

Тар чөйрөдөгү жыйын жабык, прессанын өкүлдөрүнүн катышуусуз өттү

ЕАЭБ: жыйында каралчу 17 маселе

Буга чейин уюмдун алкагында газ базарын түзүү, Бириккен Араб Эмираты менен кызматташуу жана ички көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу 17 маселе каралары белгилүү болгон.

Евразиялык экономикалык комиссиясынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 9-декабрда Бишкекте өтө турган Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммитине Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун лидери Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин катышат.

Путин 2020-жылы бийлик алмашкандан бери Кыргызстанга биринчи жолу келди. Жазындагы саммитке келбей, ага онлайн форматта катышкан.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев жыйын тууралуу буларды айткан.

“Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулайт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат”.

Саммитти утурлай 8-декабрда борбор калаада Бишкек инвестициялык форуму өттү. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери катышкан форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку беш жылда Кыргызстанда кичи жана орто бизнестерге салынган инвестициянын үлүшү 5,7 пайыздан 1,3% пайызга кыскарганын айтып, биримдиктин алкагында бирдиктүү инвестициялык фонд түзүүнү сунуш кылды.

"Евразия мейкиндигинин чегинде биргелешкен инвестициялык аянтчалардын жана тике инвестициялык фонддор тутумун бириктирүүчү түз инвестициялык фондду түзүү зарылчылыгы бар. Бул долбоорду кыргыз тарап демилгелеп жатат. Мунун үстүнөн иш алып барып жатабыз", - деди Жапаров.


Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович уюмга мүчө бардык өлкөлөрдө соңку жарым жылда тартылган инвестициянын көлөмү былтыркы ушул мөөнөттөн өскөнүн айтты. Арменияда беш эсе, Беларуста 1,6, Казакстанда эки, Кыргызстанда 1,3 пайыз өскөнүн белгиледи.

Евразиялык экономикалык комиссия уюмдагы инвестициялык жана кызматташуунун абалын талдаган доклад даярдаган. Анда ишкерликти тескөөдө либералдуу саясат жүргүзүү, ЕАЭБдеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү абал талданганы айтылды.

Бизнес форумда инвестициялык долбоорлор сунушталып, ишкерлер менен мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда диалог жүрдү.

Ал эми 9-декабрда Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында 17 маселе карала турганы белгилүү болду, анын ичинде төмөнкүлөр бар:

  • Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өндүрүштүк кооперация долбоорлорун каржылоо;
  • Биримдиктин ичинде жалпы газ базарын түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдоо жөнүндө;
  • Уюмдун ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу;
  • Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы;
  • Биримдиктин 2023-жылкы ишмердигинин багыттары;
  • 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу;
  • Уюмга төрагалык кылуу.

Уюмдун ички көйгөйлөрү

Уюмдун бул жолку саммити ЕАЭБдин башкы мүчөсү Орусия Украинага согуш ачканы үчүн катаал эл аралык санкцияга илинген маалда өтүп жатат. Кремль согуштун айынан жаратылыш ресурстарын жана айыл чарба өнүмдөрүн "дүңүнөн алган" батыштык кардарларынан кол жууду.

Аны менен чектелбей, бир катар санкцияларга илинди, Европарламент Кремлди "терроризмдин демөөрчүсү" деп тааныды. Мындай оор "жазалар" ЕАЭБдин мүчөсү, Орусияга жан тарткан Беларуска да берилди.

Мындай тыюулардын эпкини Кыргызстанга да тийип жатат. Бир эле мисал, мамлекет быйыл бажы төлөмдөрүн он айда 40% аз чогултту. Кыргыз өкмөтү коюлган пландын аткарылбай жатышына Украинадагы согуштан улам Орусияга салынган санкциялар себеп болгонун айтууда.

Кыргыз өкмөтүн ойлонткон дагы бир маселе - эркин базар аянтчасынын түзүлбөй жатышы.

Казакстан аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө жүк ташыган айдоочулар чек арада кезек күтүүлөр маал-маалы менен болуп турарын айтып келет. Муну Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков да көтөрүп, Казакстандын товарлардын өтүү шарты дагы күчөтүлгөнүн айтып, муну бажы төлөмдөрүнүн аз түшүүсүндөгү бир фактор катары санаган.


Орусияда иштеген мигранттарга 3-сентябрда тартып Кремлдин киргизген талаптары, каттоонун татаалдашы жана катуу текшерүүлөр кыргызстандыктардын нааразылыгын пайда кылып, ортодогу келишимдер аткарылбай жатканы үчүн ЕАЭБдин дарегине терс пикирлер айтылган. Орусияда 1 миллиондон ашык кыргызстандык эмгектенгени үчүн бул маселе Кыргызстанда көңүл борборунда турат.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров уюмдагы маселелердин чечилбей келишине кызматташтыкта ишенимдин жоктугу менен байланыштырат.

"Кыргызстандык мигранттарга Орусияда жергиликтүү тургундардай мамиле болот деген. Бирок ар үч сайын каттоодон өтүү сыяктуу талаптарды коюп жатышат. Муну жокко чыгаруу керек. Өзбекстан менен Тажикстан уюмда мүчө эмес, алардын жарандарына бирдей эле мамиле жасалып жатат. Бул дагы туура эмес. Мүчөлөр эркин соода саясатын жүргүзүп жатат, биз жүргүзө албай жатабыз. Бирок биздин уюмдун мүчөсү катары алар менен бирдей укукка ээбиз".

Бишкектеги саммитте уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы газ базарын түзүү да каралары белгилүү болду. Аталган маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Ага ылайык, бирдиктүү газ базары 2025-жылга чейин түзүлүшү керек.

Санкция Кремлдин саясатын өзгөрттүбү?

Жогоруда айтылгандай, Владимир Путиндин Кремл Украинага согуш ачкандан бери Бишкекке биринчи сапары болот. Эл аралык изоляцияда калган Орусиянын Борбор Азияга жана өзү өнөктөш билген өлкөлөргө "күнү түштү" дегендер да жок эмес. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев буларга токтолду:

"Бул мамлекеттер менен алака үчүн дагы, дипломатиялык жактан "душман көзүнө", экономикалык жактан да мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу Орусиянын бирден-бир максаты. Уюмдун чоң мүчөлөрүнүн бири катары Казакстан Батыш жана Орусия менен дагы мамилесин токтотпой, ал арада Кремлдин согуш аракетине ортоктош болуп калбашты көздөгөнүнө карабай, бул уюмдан чыгып кете албайт. Беларус болсо Орусиянын бир бөлүгүндөй болуп калды. Дүң салымы эң аз болгон Кыргызстан менен Армения эч нерсе кыла алчудай эмес. Алардын кааласа-каалабаса дагы башкы аракети Орусиянын таасиринин кесепетин алып калбоо, минималдуу зыян тартуу болот".


Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт. Айрым серепчилер ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн саясий бирикме экенин белгилеп келет.

Ал арада ЕАЭБдин Бишкектеги жыйынына катышары күтүлүп жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сапары башка мөөнөткө жылып калганы белгилүү болду. Анын ордуна Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат. Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу - мүчө макамына ээ.

Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары ушул жылдын аягына чейин болот.

Буга чейин, 28-ноябрда казак лидери Касым-Жомарт Токаев Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен үч тараптуу газ биримдигин түзүүнү көздөп жатканын айткан. Көгүлтүр отун тармагындагы маселелерди чечүүгө багытталган демилге Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экени сөз болгон. Бирок Астана менен Ташкент бул демилгени колдобой турганы белгилүү болду.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине тушташ Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа 8-декабрда иш сапары менен Бишкекке келди. Өкмөт анын иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөрүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG