Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

ЕАЭБдин "жемиш" бербеген жети жылы же чечилбеген чектөөлөр


Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович (солдо) жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 26-август. 2022. Чолпон-Ата.
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович (солдо) жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. 26-август. 2022. Чолпон-Ата.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин шарттары менен жашай баштаганына жети жыл толду.

Быйыл 25-26-августта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Чолпон-Атада жыйналып, жалпы газ рыногун жана кооперацияларды түзүүнү талкуулады.

Биримдик ага мүчө өлкөлөргө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүү кепилдигин берген.

Ошондой эле 184 миллиондук калкы бар чоң рынокко кирүү шарты көрсөтүлгөн. Кыргызстандын ЕАЭБге киргендеги үмүттөрү канчалык акталды?

ЕАЭБге кирүүнүн эпкини

Кыргызстан 2014-жылы 23-декабрда жол картага кол коюп, ЕАЭБ келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Макулдашуу 2015-жылы 12-августта күчүнө кирген.

Ошентип, Кыргызстан Орусия башында туруп, ага Армения, Беларус, Казакстан кирген биримдикке толук кандуу мүчө болгон.

Анын алдында чек ара улам жабылып, кыргыз өкмөтү карым-катышты эркин жүргүзүп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Биримдикке кирүү - жалгыз жол экенин жарыялаган.

Анда калкынын 1 миллионго чукулу чет өлкөлөрдө, көпчүлүгү Орусия менен Казакстанда жүргөн Кыргызстан үчүн жарандарынын ал жактарда эркин иштөөсүн камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.

Анткени Келишимдин биринчи беренесинде бир экономикалык мейкиндик түзүп, ЕАЭБ мүчөлөрүнө товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүн камсыздоо каралган. Бирок иш жүзүндө кыргыз товарларын Биримдиктин рыногуна чыгарууда чектөөлөр болуп, жасалма тоскоолдуктар жасалганы тууралуу кабарлар чыгып турду.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жөнгө салуу үчүн саясий эрк керектигине токтолду:

Болот Жунусов, дипломат, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси.
Болот Жунусов, дипломат, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси.

"Миграция боюнча дагы деле барьерлер бар. Мындай караганда бир уюмда турабыз. Бирок Орусияга, Казакстанга барып иштегенде кыйынчылыктар чыгып жатат. Медициналык китепче алуу, мигранттын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык камсыздандыруу сыяктуу көйгөйлөр чечиле элек. Казакстан чек арадан жүктөрдү өткөрүүгө чектөө коюп, ал эми Орусия фитосанитардык көзөмөлгө ылайык биздин жер-жемишти текшерип, кайра артка кайтарып келет. Биз бул чектөөлөр менен тоскоолдуктар боюнча чечкиндүү талап коюп, "мунун бардыгын токтоткула" дешибиз керек. "Жок, андай болбой турган болсо, анда биз дагы ойлонолу" деген позицияны кармануу зарыл. Анткени азыр кризистик кырдаал".

Ошол эле кезде дипломат Болот Жунусов ЕАЭБ уюмунун алкагында Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаган учурда тиешелүү чара көрүүгө чейин барып, маселени чечүү жолдорун издөө керек деди:

"Бир мисал айтып берейин. Биз ЕАЭБге киргенде бир жылдай болуп калганда, Евразиялык комиссияда бир чоң маселе чечилбей турду. Орусиялык бюрократия дегенди өзүңүздөр билесиздер. Бизге ал жактан "программа бар, стратегия бар, күткүлө" деген жоопторду берип, узатып коюп жатышты. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапары менен келген. Президент келгенден кийин бир маселени чечип кетиши керек. Анан ал "мен азыр учакка отурам, Бишкекке барам, эртең прессага "Кыргызстан ЕАЭБ уюмунан чыгат, болду, биз мындан ары бул уюмга мүчө эмеспиз" деп айтам деди. Ошондо ал жактан токтоосуз түрдө жооп беришип, өздөрү бизге "тиешелүү кишилерди калтыргыла, биз үч күндүн ичинде чечип беребиз" деп айтышкан. Ошондон кийин чечип беришип, айтылган акчанын бардыгы толугу менен түшкөн".

Чечилбеген чектөөлөр

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жана өкмөт башчыларынын өз алдынча жыйындарында ЕАЭБ алкагындагы негизги көйгөйлөр катары өнөктөштөр ортосунда кайра тескерисинче чек ара өткөрмөлөрүнөн товарларды алып өтүүдө текшерүү көбөйүп, артына кайтарган учурлар катталганы байма-бай көтөрүлүп келет.

Коңшулаш Казакстан Кыргызстан менен чек арасын жаап салып же болбосо жүктөрдү өткөрүүгө чектөө киргизген учурлар болду. Ошол эле кезде кыргыз ишкерлери жүктөп бараткан товарлар чек араларда кармалып, жашылча, мөмө-жемиштери же башка айыл чарба азыктары жолдон бузулуп кеткен учурлар катталган.

Кыргыз тарап муну экономикалык блокада катары кабыл алып, аны жөнгө салуу өтүнүчү менен Евразия экономикалык комиссиясына бир нече ирет кайрылган. Бирок комиссия мындай маселелерди чечүүгө ыйгарым укугу жоктугун жүйө келтирип, алакан жайган учурлар болду.

Төрт кепилдикти колдоно албаган учур. Жаңы сунуш

Мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев ЕАЭБ уюмунун негизги кепилдиктери камсыздалбай жатканын айтты:

Аалы Карашев, мурдагы вице-премьер-министр.
Аалы Карашев, мурдагы вице-премьер-министр.

"Азыр баалар кескин өсүп, кыйынчылыктар болуп жатат. Товарларды ташуунун логистикалык чынжырчалары дагы үзүлүп, кайра каяктан алып келебиз деген сыяктуу маселелер келип чыкты. Биз Кыргызстан мына ушул ЕАЭБ уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып калышыбыз керек эле. Биздин өкмөттөн жаңы демлигелерди жана жаңы кызматташтык багыттарын күткөнбүз. Тилекке крашы элибизге сезиле турган кандайдыр бир жакшы жаңылыкты көрө алган жокпуз. Биз ЕАЭБ уюмуна киргенде төрт түрдүү эркиндик берилген. Бул - товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшү. Бирок мына ошонун бирөө дагы ушул күнгө чейин толук камсыздалды деп айта албайбыз".

Ал эми Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргыз тарап ЕАЭБ мейкиндигинде чектөөлөр жана тоскоолдуктар болгон учурда көрүлө турган чаралар механизмин кабыл алуу жобосун сунуштап жатканын билдирди:

"ЕАЭБ мейкиндигинде кандайдыр бир иш-аракеттер "баръер" катары таанылган күндө дагы ага карата санкциялар жок болуп келген. Бул маселе чечилгени калды. Биз уюмдун ичиндеги өнөктөштөрүбүз кандайдыр бир тоскоолдуктарды жасап, чектөөлөрдү киргизгенде ага карата санкция салууну сунуштадык. Бул демилге ЕАЭБ уюмунун ар кайсы деңгээлинде талкуудан өтүп, каралып жатат. Буюрса, бул жобо кабыл алына турган болсо, анда негизсиз жерден жанагындай баръерлер коюлса, анда ага каршы чара көрүү механизмдери дагы болот. Бул маселе чечилет. Анткени биздин ишкерлер товарларын чек аралардан өткөрө албай чоң чыгымдарга дуушар болууда. Алардын кеткен чыгымдарын эч ким төлөп бербейт. Эми мына ошондой негизсиз тоскоолдуктар болгондо, ага кара чара көрүлүп, кенемтени төлөө боюнча санкциялар иштей баштаганда жасалма тоскоолдуктар менен чектөөлөр жоюла баштайт".


Дипломат Болот Жунусовдун айтымында, ар бир өлкөнүн улуттук экономикасын коргоо аракети Биримдиктин кызыкчылыгына доо кетирген учурлар аз эмес. Болот Жунусов тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү алып салуу үчүн кыргыз тарап фискалдык көзөмөлдү кабыл албаган техникалык учурлар бар экенин айтты.

Кыргызстандын ЕАЭБ уюмуна кириши экономикалык алаканы чыңдоону көздөгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болгон. Кыргызстан 2014-жылы бул интеграциялык долбоорго кошулуу боюнча жол картасын иштеп чыгып, айрым бир учурлар боюнча жеңилдиктерге ээ болгон. Анда негизинен Орусиядагы эмгек мигранттары патенттик негизде иштөөдөн жана милдеттүү киргизилген тил сынагын тапшыруудан бошотулган. Орусия жана Казакстанда иштеген мигранттарга башында мына ушундай жеңилдиктер берилгени менен кийин алардын аталган өлкөлөрдө жашоо жана иштөө укугун чектеген ченемдер улам киргизилип турганы мисалга алынды.

Эркин жүрүү жана эмгек укугу

Эмгек мигранты Эмил Жайчиев өз ара сүйлөшүү аркылуу маселени чечүү өтүнүчү менен кыргыз бийлигине кайрылды:

"Кыргызстан - ЕАЭБ уюмунда мүчөбүз. Биздин 1 миллионго чукул калкыбыз Орусияга чыгып кеткен. Алар ойноп кеткен жок. Иштеп, бала-чака багалы деп жүрүшөт. Кыргыз бийлиги Орусия менен тез арада сүйлөшүп, бизге мына ушул каттоо көйгөйүн чечип берсе, жакшы болмок. Чек арага кетип жаткан же ал жакта кезекте турган машинелерди карасаңыздар, жалаң эле кыргыздар. Мына ушул маселени чечип бербесеңиздер, болбой калды. Себеби, сиздер ушундай көйгөйлөрдү чечиш үчүн бийликке баргансыздар".

Биримдиктин келишиминде ЕАЭБ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын бирдей эмгек укугу көрсөтүлгөн. Бирок талдоочулардын баамында, иш жүзүндө мигранттардын укугу эмгек келишиминин шарттары менен аныкталары белгиленген. Ошондой эле Орусия 2018-жылы анда иштеген мигранттардын убактылуу каттоо тартибин катаалдаштырган. Орусиянын федералдык миграция кызматы жакында миграциялык каттоого көзөмөлдү күчөтөрү белгиленди. Анткени жеңилдик режими соңуна чыгып, эмгек мигранттарына жашаган жери боюнча гана каттоого туруу талабы коюлган. Каттоосу аяктаган мигранттарга миграциялык каттоо мөөнөтүн 3-сентябрга чейин узартуу жагы эскертилген.

Москвада иштеген Чыңгыз Ысманов каттоого байланыштуу жагдай тууралуу мындай деди:

"Миграциялык каттоого туруу эрежеси бүгүн эле чыга калган жок. Мурда эле киргизилген. Бирок өткөн эки жылдан бери пандемияга байланыштуу (COVID-19) жеңилдик бар эле. Мурда юридикалык даректерге каттоого коюп, ошонун негизинде иштей бергенге мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыр эми мына ошол мурдагы талаптар катуулап, батирдин ээлери менен келишим түзүп, жашаган жер боюнча гана каттоого туруу талабы коюлду. Бирок үйүн ижарага бергендер каттоого коюшпайт. Анткени салык төлөгүсү келбейт. Ошондуктан мигранттар мурда 2-3 миң рублге каттоого турса, азыр анын көмүскө баасы 8-10 миң рублге чыкканына дагы кайыл болуп, эптеп мыйзамдуу каттоо издеп жаткан учуру. Анан калса каттоосу жок болсо, жазага тартып, катуу чаралар көрүлөрү улам оозеки эскертилип турат. Бул эми бизге карата мамиле жакшы эместигин баарыбыз байкап жатабыз. Мамиле жакшы болбогону үчүн мына ушундай көйгөйлөр келип чыгууда. Биз союздаш өлкөнүн жарандары болсок дагы ушундай болуп жатат. Муну унутпашыбыз абзел. Беларусту мисалга алсак, бир дагы беларус "кирди-чыкты" кылып, чек арага барган жери жок. Ал эми бизде кагаз жүзүндө ЕАЭБ боюнча союздашпыз, бирок иш жүзүндө мына ушундай мамиле болуп жатат".


ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн Орусияда жүрүү мөөнөтү аяктаган жарандары миграциялык каттоосун узартышы керектигин Евразия экономикалык комиссиясы 23-августта расмий сайтына жарыялады. Анда бир эле Кыргызстан эмес, Орусияда жүргөн Армениянын, Беларустун жана Казакстандын жарандарына дагы бирдей талап коюлганы көрсөтүлгөн. Анда Орусия COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу мезгилинде чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн жеңилдик режиминин убактылуу чаралары токтотулганы белгиленген.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин башчысынын орун басары Арслан Токобаев бул чара бардык эле мигранттарга тиешелүү эмес экенин айтты:

"Кимдин колунда эмгек келишими болсо, Орусиянын аймагында расмий түрдө жүргөн жарандарга "кирди-чыкты" жасаш үчүн чек арага чейин баруунун кажети жок. Бул мыйзам бузууга жатпайт. Негизи азыр миграциялык каттоосунда эреже бузуулары бар мигранттар гана мына ошолорун жоюш үчүн "кирди-чыкты" кылып, чек арага барып-келип жатышат. Эгерде кимдир бирөөнүн каттоосу жасалма болсо, эмгек келишими туура эмес же деги эле жок болсо, мына ошолор мыйзамдуу талаага түшүшү керекъ. Бул талап бардык эле мигранттар үчүн эмес. Анан дагы бул жаңы федералдык мыйзам жалаң эле кыргыз мигрантттарына иштеп жаткан жок. Ал бардык чет элдик мигранттар үчүн бирдей коюлган талап".

Евразиялык комиссиянын маалыматы боюнча 2014-жылдын 29-майындагы келишимдин 97-беренесине ылайык жумушчулардын убактылуу каттоо мөөнөтү улуттук мыйзамдарга таянып, алардын жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишиминин негизинде аныкталат. Ал эми миграциялык каттоо тартибинин жеңилдик режими убактылуу болгону белгиленген.

Каттоого алуунун катаалдыгы

Миграциялык каттоого туруу мурда юридикалык даректер боюнча жүргүзүлүп келсе, эми жашаган жери боюнча гана каттоо талабын жумушчу күчүнүн эркин жүрүү укугун чектөө катары карагандар бар.

Жарандык активист Нурия Малабекова туруктуу жашаган жери жок мигранттар үчүн бул талап катаал экенин айтты:

"Буга чейин кайсы бир ишкананын же мекеменин юридикалык дарегине каттоодо турган мигранттардын бардыгын Орусиянын бийлиги автоматтык түрдө миграциялык каттоодон чыгарып салганы маалым болду. Бир эле күндө мына ошол мигранттар мыйзамдуу каттоосу жок болуп калышты. Орусияда мыйзамсыз жүргөн соң аларга эми айып пулдар салына баштайт. Айып пул салынган мигранттар тез арада каттоого турбаса, аларды кайра текшерип, өлкөдөн чыгаруу же кайсы бир мезгилге чейин кайра кайтып барганга тыюу салган чечимдер чыгат. Ошондуктан азыр мигранттар жапырт чек арага чыгып, "кирди-чыкты" кылганга аргасыз. Болбосо, миграциялык каттоосу мыйзамсыз деп жумушунан айрылып, андан ары депортацияланат. Элчи айым мына ушуга окшогон маселени чечпей, баргандан бери эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Ал тиешелүү адамдардын эле ишин бүтүрбөсө, жалпы мигранттардын кызыкчылыгын көздөгөн жери жок".

Улуттук мыйзамдар ЕАЭБ келишимине каршы

Мурдагы тышкы иштер министри Данияр Сыдыков ЕАЭБ уюмуна кошулуу тууралуу келишимде өнөктөш өлкөдө иштеген жумушчулардын укугу жергиликтүү жарандар менен бирдей шартта болушу көрсөтүлгөнүн мисал келтирип, алардын каттоо мөөнөтүнө байланыштуу чектөөлөр улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынарын айтты.

Данияр Сыдыков улуттук мыйзамдарга эл аралык Келишимдин башкы шарттары карама каршы келген учурда маселе кандайча чечилиши керек экенин айтты:

Данияр Сыдыков, мурдагы тышкы иштер министри.
Данияр Сыдыков, мурдагы тышкы иштер министри.

"Ар бир мамлекеттин өзүнүн ички, улуттук мыйзамдары бар. Тиешелүү мамлекеттик органдар мына ошол мыйзамдарды жетекчиликке алып, иш жүргүзөт. Бирок мына ошол улуттук мыйзамдар же болбосо кайсы бир ички жоболор эки же көп тараптуу эл аралык келишимдерге каршы келип калган учурда, ошол мамлекет кол койгон Келишимдин шарттары үстөмдүк кылат. Бул эл аралык укуктук практика. Эки же көп тараптуу деңгээлде мындай маселенин үтүндө иш алып баруу керек. Бул маселе эми бүгүн эле чыга калган жок. Аны мына ошол ЕАЭБ боюнча келишим даярдалып жатканда дагы карап чыгып, кошумча механизмдерди киргизиш керек болчу"

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 25-26-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Аны Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алып барып, анда Биримдиктин жалпы газ рыногун түзүү, өнөр-жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, камсыздандыруу тутумун иштеп чыгуу маселелери каралып, талкууга алынганы кабарланды.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү катышты.

ЕАЭБ саммити, санкциялардын кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:58:42 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG