Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

"ЕАЭБде легитимдүүлүк маселеси бар"


Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн желектери.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн желектери.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) эмне үчүн эл аралык абройлуу альянска айлана албай жатат? Казакстандык саясат талдоочу Жанибек Арынов уюмдун бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүштү.

-Түптөлгөнүнө он жылдан ашкан, расмий түзүлгөнүнө жети жыл болгон Евразия экономикалык биримдиги эмне үчүн дагы эле эл аралык абройлуу уюмга айлана албай жатат?

-Биринчиден, мындай уюмду түзүү узак убакытты талап кылат. Бирок Евразия экономикалык биримдигин курууда кадамдар өтө ылдам болду. Төрт-беш жылдын ичинде көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Акырындан аткарыла турган жумуштарды заматта ишке ашырып жиберүүнү көздөштү. Ошол себептен кол коюлган макулдашуулардын көбү ишке ашпай келүүдө. Мунун баары шашылыш кабыл алынган келишимдердин натыйжасы. Эгер Европа биримдигинин мисалында карай турган болсок, ашыкпай, этап менен эволюциялык түрдө түптөлгөн. Евразия экономикалык биримдиги өтө тез түзүлгөндүктөн, айрым механизмдер көйгөй жаратып келүүдө.

Жанибек Арынов
Жанибек Арынов

Экинчиден, мында Орусиянын салмагы ашыкча болуп кеткенинде. Уюмдагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу Орусиянын саясий, экономикалык абалынын жогору болушу да роль ойнойт. Орусия геосаясий, геоэкономикалык жактан өз пайдасын көздөөгө умтулат. Бир канча убакыттан бери орток валюта киргизүү демилгеси айтылып жүрөт. Ал эми башка мамлекеттер Москванын сунуштарына каршы туруу менен убакыт өткөрүп жатышат. Мындай жагдайда экономикалык терең маселелерди талкуулоо жана ишке ашыруу мүшкүл.

Үчүнчүдөн, Евразия экономикалык биримдигинде легитимдүүлүк маселеси бар. Себеби, ал демократиялык шартта, элдин добушу менен курулган уюм эмес. Жогору жакта отурган саясатчылардын эле чечими менен түптөлгөн. Ага мүчө болгон бир дагы мамлекетте биримдикке кошулуу тууралуу референдум өтпөгөн. Ошондуктан, эл арасында биримдиктин дарегине сын-пикирлер арбып баратат. Бул айрыкча, Казакстанда, Кыргызстанда байкалат. Орусия Украинага басып киргенден кийин сын дагы да көбөйдү. Бул ички легитимдүүлүк маселеси. Андан тышкары, сырткы легитимдүүлүк маселеси да бар. Мисалы, Евразия экономикалык биримдигинин башка мамлекеттер менен карым-катышын жакшы деп айта албайбыз. Айрым гана өлкөлөр менен, адашпасам, Сербия, Вьетнам, Иран менен кызматташат. Батыш өлкөлөрү бул уюмду Орусиянын “оюнчугу” катары көрүп, карым-катыш кылбай келатат. Ошондуктан, Евразия экономикалык биримдигин үлкөн кризистеги уюм десек болот.

-Мындай жагдайда ЕАЭБдин келечеги жөнүндө эмне айта аласыз?

-Уюмдун арышы кенен болот деп ишенбейм. Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга салынган эл аралык санкциялардын таасири уюмга мүчө башка мамлекеттерге да тиет. Биримдиктеги мамлекеттердин ортосундагы келишимдердин айрымдарын кайра карап чыгууга туура келиши мүмкүн. Орусия менен экономикалык кызматташтык орнотууга каршы пикирлер көбөйүп жатат. Андыктан, ийгиликтердин жаралышына ишенбейм. Бирок бул пикирим ЕАЭБ эртең эле ыдырап кетет дегенди түшүндүрбөйт. Орто жолдо калган уюм катары өмүр сүрө берет.

- Чолпон-Атада ушул күндөрү (25-26-августта) Евразия экономикалык кенешинин жыйыны өтүп жатат. Бул жыйын Орусия менен Украинанын ортосунда абал курчуп, согуш болуп жаткан учурга туш келди. Дүйнө калкынын көбү Орусияны агрессор катары таанып турат. Жыйында ушул маселеге да көңүл бурулушу мүмкүнбү?

-Чолпон-Атадагы жыйында Украина маселеси ачык айтылбайт го дейм. Негизинен экономикалык маселелер козголот. Бирок согуштун фонундагы экономикалык көйгөйлөргө токтолушат. Санкциялардын таасири өңдүү темалар талкууланышы мүмкүн. Орусия өзүнүн мүдөөсүнө жараша айрым сунуштарды ортого салышы, аларды өткөрүүгө аракеттениши да ыктымал. Андан тышкары, ички соода-сатыктагы валюта жана товар алмашуу темасын көтөрүшсө керек. Себеби, санкциялардан улам Орусияга сырттан көптөгөн товарлар кирбейт. Аларды Кыргызстан, Казакстан, Армения аркылуу ташуу жагына көңүл бурулушу мүмкүн.

Маалымат үчүн: Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Биримдикке мүчө болгону менен Кыргызстан үчүн коңшу Казакстан аркылуу жүк алып өтүүдө көйгөй жаралып жатканы өкмөттө да, парламентте да бир нече жолу айтылган.

XS
SM
MD
LG