Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

ЕАЭБ жыйыны: Өкмөт башчылар менен президент Жапаров жолукту


ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары. Чолпон-Ата шаары, 2022-жылдын 25-августу.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары. Чолпон-Ата шаары, 2022-жылдын 25-августу.

Бүгүн 25-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар башталды.

Жыйынга катышуу үчүн кыргыз жергесине Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келишти.

Бүгүн алар президент Садыр Жапаров менен жолугушту, негизги жыйын эртең өтөт. Жыйында интеграциялык биримдик алкагындагы маселелер каралат.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Биримдикке мүчө болгону менен Кыргызстан үчүн коңшу Казакстан аркылуу жүк алып өтүүдө көйгөй жаралып келери өкмөттө да, парламентте да бир нече жолу айтылган. Айрым серепчилер ЕАЭБ экономикалык эмес, Орусиянын кызыкчылыгын көздөгөн саясий бирикме экенин белгилеп келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG