Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Казакстандагы көмүр тартыштыгы же ЕАЭБдеги көмүскө экспорт


"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Хадиша АКАЕВАнынмакаласы.

10-августтан тарта Евробиримдиктин орус көмүрүнө салган эмбаргосу күчүнө кирди. Бул датага чейин төрт айлык өткөөл мезгил коюлган. Бул аралыкта Европа өлкөлөрү аймакка, анын ичинде Казакстандан да көмүр жеткирүүнүн ар кандай жолдорун колдонуп көрүштү.

Евростаттын маалыматы боюнча, Казакстан 2022-жылдын январь-май айларында Евробиримдикке 1,5 миллион тонна көмүр камдап берген. Бул 2021-жылдагыдан эки эсе көп. Көмүрдү атүгүл рентабелдүү эмес жол менен– автожол менен экспорттоо аракеттери да болгон. Ошол эле убакта түндүк аймактарда казакстандыктар кышка көмүр сатып алуу үчүн узун кезекке турууда.

Жыл башында Казакстан Евробиримдикке 140–200 миңдей тонна, Украинадагы согуш башталгандан бери 300–400 миңдей тонна жөнөттү. Орусиялык “Коммерсантъ” гезитинин маалыматына ылайык, Европа Орусиядан ала албай калган көмүрдүн ордун Индонезия, Австралия, ТАР жана Колумбиядан келүүчү көмүр менен жарым-жартылай толукташы мүмкүн. "Булардан тышкары Казакстан, Танзания жана Нигериядан да алууга мүмкүнчүлүк бар" деп жазат гезит.

Согуш мезгилинде Казакстандан казылган көмүрдүн басымдуу бөлүгү Евробиримдикке деңиз жолу менен Орусиянын же Балтика өлкөлөрүнүн порттору, дагы 635 миң тоннасы темир жол менен, 90 миң тоннасы автотранспорт аркылуу жеткирилген. Бирок Орусиянын аймагын айланып өтүү оңой эмес.

"Бизде ар кандай жолдор бар, биз Балтика өлкөлөрү, Орусиянын Ыраакы Чыгыш жана Кара деңиз порттору аркылуу сата алабыз. Эң негизгиси, биз деңизге чыгуубуз керек. Негизи эле Орусия жана Беларус менен бирдиктүү экономикалык мейкиндикти деңизге чыгуу үчүн ушул өлкөлөрдүн транзиттик аймактарын пайдалануу максатында түзгөнбүз", - деген эле апрелде LS гезитине Тоо-кен металлургиялык ишканалар ассоциациясынын жетекчиси Николай Радостовец.

Мурдараак “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы Орусия казак көмүрүн Европага ташууга тоскоолдук кылып жатканын билдирген. Бирок акыркы маалыматтарга караганда, ал жаңжал жөнгө салынды.

"Экспорт жети айда 12,2 пайызга өсүп, 19,6 млн. тоннаны түздү. 65 пайызы Орусияга кетет. Эч кандай көйгөй жок, бардыгы кадимки нукта жүрүүдө", – деди мекеменин басма сөз катчысы Любовь Подоляк.

Ошол кезде Радостовец Казакстандын көмүр өнөр жайы “жетиштүү эффективдүү” өнүгүп жатат, экспорттун кеңейиши ЖЭБди көмүр менен камсыздоого жана ички керектөөлөргө тоскоол болбойт деп билдирген.

Көмүр жүктөгөн вагондордун жанындагы мушташ

Казакстан экспорт жагынан Орусиядан чыгарылбай калган көмүрдүн кенемтесин мүмкүн болушунча толуктоону пландап жатканын жарыялаган. Январдан майга чейин бул өлкөдөн Европага 2021-жылга караганда эки эсе көп көмүр ташылган, бирок жергиликтүү калк кайрадан көмүргө жетпей кыйналса, экспорт ойдогудай болушу кыйын.

Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн өкмөт көмүрдү ташып чыгууга убактылуу тыюу салып жатат, бирок бул автотранспорт менен ташууга гана тиешелүү.

“Көмүр экспортун жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө” буйрук “ачык ЧУАда (ченемдик-укуктук актыларда)” жарыяланган.

"Талдоо көрсөткөндөй, көмүр экспорту коңшу өлкөлөргө: Кыргызстанга 19%, Өзбекстанга 30% өскөн. 2021-жылы Кыргызстанга 1143 миң тонна келсе, анын 1020 миң тоннасы темир жол аркылуу, 123 миң тонна автотранспорт аркылуу ташылган. Министрлик ызы-чууну болтурбай, энергетикалык коопсуздукту жоюу үчүн 2022-жылдын 1-августунан тартып 6 айга чейин көмүрдү автотранспорт менен ташууга тыюу салган оң деп эсептейт", – деп айтылат долбоорго тиркелген түшүнүк катта.

Бирок буйрук күчүнө киргендиги жөнүндө маалымат жок. Ал буйрукта Орусияга жана андан ары Европага көмүр жеткирилери тууралуу да айтылбаган.



"Көмүрдүн өлкө чегинен тышкары мыйзамсыз ташылып чыгышы калкты көмүр менен камсыздоого жана чек арага жакын аймактардагы бааларга таасирин тийгизди", – деп жооп берди “Курсив” басылмасынын суроосуна Индустрия жана инфратүзүмдү өнүктүрүү министрлигинин Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Турар Жолмагамбетов.

"Былтыр сентябрь айында өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында катуу сууктан улам көмүргө болгон суроо-талап кескин өстү: көмүр элге вагондордон эле түз сатылып кетүүдө", – деди жооптуу кызматкер.

Казакстанда калк үчүн көмүр тартыштыгы акыркы беш жылда, 2017-жылдан бери байкалууда. Кендер менен поезд убактылуу токтогон жерлерде тизилген узун кезек күнү-түнү үзүлбөйт. Ошол кезекке тургандардын чатагында 2018-жылы Семейде дзюдо боюнча чемпион каза болду. Ал эми 2021-жылы көмүр сатып албастыгына көзү жеткен бир киши өзүн өрттөйм деп опуза кылган эле.

Ушул жылдар аралыгында акимчиликтер, министрликтер жана башка жооптуу уюмдар калкка көмүрдүн жетишпей жатканынын ар кандай себептерин (“камсыз кылуу иши үзгүлтүккө учурап калууда”, “КТЖдан вагондорду алып келүүдө кыйынчылыктар бар”, “эл арасында ызы-чуу чыга берет", "калк кыйналып турган чакта пайдага туйтунган кызыл кулактар көп") айтып келген эле.

"Көмүргө тиешелүү дүрбөлөңдүн себеби – көпчүлүк калайыктын көмүрдү бир убакта сатып алууга шашканы. Отун бүгүн, азыр баарына керек болуп калгандагы жагдай. Кышка камынуу үчүн эл көмүрдү тээ жай айларынан баштап эле сатып ала берсе болмок", – дешти айрымдар 2017-жылы көмүрдү чекене сатуучу ишканада (Караганды облусунда) күтүлбөгөн жерден тартыштык пайда болгондо.

Казакстанда бийликтин алсыздыгын көбүнчө моюндабай келет. Көмүр алуу үчүн кезекке тургандардын өтө көп болуп кеткенин бийликтегилер мунайдын жана бензиндин тартыштыгынан улам көмүр арбын керектелип жатканы менен да түшүндүрүшкөн.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2017-жылы көмүр камдоонун үзгүлтүккө учурап, бирок аны керектөө, тескерисинче, азайган эле.
Логикалык суроо туулат – 2017-жылы калктын көнүмүш адаты күтүлбөгөн жерден өзгөрдүбү? Анда эмне үчүн ошондон бери жыл сайын тартыштык болуп жатат?

Көмүрдү сыртка чыгарууга беш жыл тыюу салмакчы болушкан

2017-жылы Улуттук экономика министринин орун басары болуп иштеп турган Серик Жумангарин калкка жетиштүү болушу үчүн көмүрдү экспорттоого убактылуу чек коюуну сунуштаган. Ошондо кийин калкка сатылуучу көмүр сыртка ташылып турары байкала баштаган эле. Бирок ал сунуш кабыл алынган жок. Бийлик өлкөдө көмүр көп, бардыгына жетет деген расмий турумду карманган.

Бул сунуш айтыларга жакын ошол кездеги парламенттин спикери Нурлан Нигматулиндин бир тууганы Ерлан Нигматулин Каражырадагы эң ири кендердин бирин иштетүү менен алектенген компаниянын акционери эле.

2022-жылдын августунда Ерлан Нигматулин Эдуард Огай жана Владимир Жуманбаевдер менен бирге “Каражыра” акционердик коомунун акционери болуп турушат.

Көмүр экспорттоочуларга Казакстанга колдоо көрсөтүлүп жатканы жөнүндө Кремлге ыктаган “Sputnik Казакстан” маалымат каражатында айтылган. Бирок ал экспорттун күчөшүн колдоп, “эгер Орусияга көмүр бербей койсоңор, келечекте андан жардам күтпөгүлө” деген жүйө менен чыккан.

Казакстандагы Январь окуясынан кийин көмүр экспортун колдогон аракет солгундап калгандай.

Бир кезде “көмүрлүү аймактардын эли жумушсуз калат” деп Париж келишимине кол коюуга каршы туруп, кызматын таштап, бейрасмий маалыматтар боюнча, өлкөдөн чыгып кеткен Нурлан Нигматулин азыр "Каражырынын" акционери болгон агасы Ерлан Нигматулин менен бирге "рейдерлик" фактысына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Дал ушул убакта көмүрдү сыртка автомобиль менен ташып чыгарууга кайрадан тыюу салынды. Расмий айтылган көрсөткүчтөрү аз эле болсо да, бул экспорт Казакстандын калкын көмүр менен камсыздоого катуу таасирин тийгизип койду.


Энергия булактарынын соодасы боюнча эксперт Сергей Смирнов калкка сатыла турган көмүр чет өлкөгө ташылып жаткан болушу ыктымал деп ырастады.

"Мында бензин ташыгандай эле көмүскө экспорт бар. Бул экспортко кандай тыюу салынды? Машине менен ташыганга гана. Бензин деле ушундай. Кыргызстандын соодагерлер ассоциациясы өз маалыматына таянып, Кыргызстанда сатылып жаткан бензиндин үчтөн бир бөлүгү Казакстандан келүүдө деп билдирди. Бензин отун катары жагууга кошумча үчүн делип цистерна менен ташылууда. Дизель майы, бензин келет, бирок аталышы гана башка".

"Шубаркөл көмүр" ААКсы 2017-жылы Караганды облусунда көмүр маселеси башталганда ички керектөө үчүн көмүр экспорттоду деп айыпталган. Бирок компания кызматкерлери бул маалыматты четке кагып, экспорт көбөйбөгөнүн, эл “темир жолдогу ташуунун ойдогудай жүрбөй” жатканынан улам көмүр ала албай жатканын айтышты.

Ташыганы көмүр, жазганы – “шагыл”

Сергей Смирнов калкка арналган көмүр сыртка тымызын ташылып жатса, муну өкмөт моюндагысы келбей, “күнөөнү калайыкка оодарып салганын” баса белгиледи.

"Алар кантип [көмүскө экспортту] моюнга алышы мүмкүн? Эгер азыраак болсо, балким, жашырбайт эле. Бирок өтө көп өлчөмдө ташылып жатса, демек, кимдир бирөө ошончо көп акча таап жатат. Анан катардагы бажычы эмес, биздин “чоңдор” пайда табат. Анан алар мойнуна алышмак беле? – деп Смирнов таңыркайт. – Кайсы жерде таңкыстык болсо, ошол жерде дайым көмүскө экспорт менен коррупция: документтер өзгөртүлүп, ташып өтүүгө жол берилип жатат. Же “майдаланган таш” деп жазып коюп, кадимки эле көмүрдү ташышат".

Экономист Пётр Своик баса белгилегендей, жалпы багыт өзгөрбөсө, жагдай эч өзгөрбөйт.

"Ушундай учурларда мамлекет жоопкерчиликти алып, маселени жөн эле чечип койсо болбойбу? Бул ачык эле мазактоо болуп жатпайбы. Казакстанда көмүр кендери толтура, бирок эмне үчүн көмүр тартыш?" — деп суроо салды экономист.

Своик Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигин (АКӨА) негизги күнөөлүү деп эсептейт.

"Бул агенттик кийлигишүүнү жоюп, баарын жакшыртып, элдин ыраазычылыгына ээ болуу үчүн базардагы атаандаштыкты камсыз кылууга түздөн-түз милдеттүү. Эгер АКӨА туруштук бере албай, ортомчулук кылууда деп башкаларга айыпты оодарып жатса, анда күнөө ортомчуларда эмес, ушул мекеменин өзүндө. Анткени АКӨА так иштесе, ортомчу эмне кыла алмак? – дейт эксперт. – Эгерде мен АКӨАнын жетекчиси болсом, объективдүү түрдө атаандаштык жок социалдык же экономикалык жактан маанилүү негизги өндүрүш агымдарынын тизмегин түзмөкмүн. Аны жаратуу да мүмкүн эмес, анткени Каражыра, Майкудук кендери, темир жол, жүк түшүрүүчү туюктар менен атаандашуу мүмкүн эмес. Бул тармакта монополия жарыяланып, тикелей, б.а. кенден тартып кардардын көмүрканасына чейин көзөмөлдө турушу керек. Ушул вертикал монополиянын алкагында мамлекет өзү катышып же ак ниет аткаруучуну дайындап, бүтүндөй тутумдун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздап турушу кажет".

Көмүскө же күңүрт экспорт – ЕАЭБдин ичиндеги чоң көйгөй. Муну канаатташ өлкөлөрдүн бажы жана салык кызматтары да жокко чыгарбайт. Соода жана интеграция министрлиги 2025-жылга карата көмүскө экономикадан бюджеттик жоготуулар 1,2 триллион теңгеге жетет деп эсептейт.

Казакстандын көмүрү сапаты боюнча Европанын ЖЭБине ылайыктуу болгону менен, Орусияны айланып өтүп Европага көмүр экспорттоо кыйын. Маселе логистикага барып такалат. “Коммерсанттын” эксперти Казакстан Каспийдеги Актау портун иштетип, Азербайжан жана Грузия аркылуу экспорттой алат, бирок буга убакыт керек, инвестиция талап кылынат деп эсептейт.

Азыр Казакстан көмүр экспорттоочулардын тизмесинде 9-орунду ээлеп турат.

Макала “Азаттыктын” казак кызматынын сайтынан которулду. Түп нускасы бул жерде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG