Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:46

Кыргызстан электр энергиясын былтыркыдан көп сатып алат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өткөн кыш соңку жылдарга салыштырмалуу кыйла оор болду. Токтогул суу сактагычында суу өтө аз топтолгондуктан, Кыргызстан электр энергиясын кошуналардан сатып алууга аргасыз болгон. Быйыл абал бир аз дурус деп айтылууда. Бирок Энергетика министрлиги тобокелге баргысы келбей, электр энергиясын кошуналардан буга чейинкиден да көбүрөөк сатып алмакчы.

“Импорттосок, кышта аман чыгабыз”

2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суу эң эле көп болгондо 12,3 миллиард куб метрди гана түзгөн. Кыштын ыңгайлуу өтүшү үчүн 16-17 миллиард кубометр керек. Энергетиктер жазга жуук суунун көлөмү 6-7 миллиард куб метрге чейин төмөндөшү мүмкүн экенин эскертишкен эле. Бул суунун басымы турбиналарды иштетүүгө жарабай, Токтогул ГЭСи токтоп калат дегенге тете болчу.

Бул жагдайдан чыгуу үчүн электр энергиясын импорттоого туура келди. Энергетика министрлиги билдиргендей, былтыр кышында Кыргызстан кошуна Казакстандан 680 миллион кВт/саат электр энергиясын сатып алып, дагы 300 миллион кВт/саат электр энергиясын кийин кайтарып берүү шарты менен алган.

Өзбекстандан да 504 млн. кВт/саат импорттолсо, алмашуу жолу менен 246 млн. кВт/саат алынган. Түркмөнстандан Өзбекстан аркылуу транзит менен 498 миллион кВт саат импорттолгон.

Жалпысынан өткөн кышта Кыргызстан импорт жана алмашуу шарты менен 2,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын алган. Бул өлкөнүн керектөөлөрүнүн болжол менен 14 % камсыздаган. Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7,8 миллиард куб метрге чейин төмөндөсө да, ГЭСти токтотуп коюуга жол берилген жок.

Быйыл абал кыйла дурус. Август айынын башына чейин суу сактагычта 13 миллиард кубометр суу топтолгон. Энергетика министрлиги октябрга чейин суу сактагычта суунун көлөмү 13,5 миллиард куб метрден кем болбойт дейт. Бирок электр энергиясы улам көбүрөөк керектелип жаткан чакта бул өтө эле аздык кылат.

Маселени чечүү үчүн министрлер кабинети кайрадан электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Эми 2,7 млрд кВт/саат өлчөмүндө сатып алууну көздөйт. Токтогул ГЭСинин мүмкүнчүлүгүн сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгынан ушундай чек аныкталганын Энергетика министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти. Эми электр кубатын камдап берүүчүлөр менен, биринчи кезекте коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

“Импортту эске алганда, кыштан жакшы эле чыгабыз. Дароо эле айтып коёюн, күтүүсүз кырдаалдар да болушу мүмкүн. Бирок бизде атайын өчүрүүлөр каралган эмес. Мындай болбойт деп ойлойм”, - деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан менен 500 кВт кубаттуулуктагы магистралдык линиялары менен бирдиктүү алкакка кошулган. Бул өтө катуу суукта деле чоң өлчөмдөгү электр энергиясын жеткирип турууга мүмкүндүк берет.

Бирок коңшу мамлекеттерде ашыкча электр энергиясы жок, ошондуктан алар келерки кышта бизге жарыкты камдап бере алабы-жокпу, азырынча анык эмес дейт Борбор Азиядагы Суу маселелерин жана гидроэнергетика ресурстарын изилдөө институтунун экс-төрагасы Эрнест Карыбеков.

Эрнест Карыбеков.
Эрнест Карыбеков.

"Электр энергиясын Орусиядан, Түркмөнстандан, жайкысын Тажикстандан импорттосок болот. Кыш оор келсе, Казакстан менен Өзбекстан өздөрүнөн ашыра албай калат. Алардын энергия камы жокко эсе. Эмне үчүн сүйлөшүүлөр дагы эле уланууда? Анткени бул биздин өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүгүнө жашара болот".

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстан экспорттон импортко көз каранды өлкөгө айланып баратканына кейиди. Анын үстүнө, биздин республика мынчалык чоң өлчөмдө электр энергиясын импорттошу кыйын деп эскертет ал.

“Чындыгында коңшу мамлекеттердин баары кышында электр энергиясынын тартыштыгына дуушар болушат. Өзбекстан менен Казакстандын экспорттоо мүмкүнчүлүгү жок. Түркмөнстандын электр энергиясы Өзбекстан аркылуу өтөт. Бирок кышында Өзбекстандын электр тармактарына ашыкча оорчулук түшүп, Түркмөнстандан келген электр энергиясын өткөрбөй коюшу мүмкүн. Казакстан деле ошондой. Бул өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө кыш мезгилинде электр энергиясы кескин тартыш болуп, системага өтө оордук кылат. Андыктан коңшу мамлекеттер электр энергиясын өз аймагы аркылуу өткөрүп бербей коюшу ыктымал”, - деп эсептейт энергетик.

"Баасы азырынча белгисиз"

Президент Садыр Жапаров былтыр Кыргызстан Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн электр энергиясын 1 кВт/саатка 2 сомго жакын баада сатып алып жатканын айткан. Күзүндө Министрлер кабинети “Электр станциялары” ААКга 650 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлгөн. Ошондо энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев насыя электр энергиясын импорттоо жана Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБине отун сатып алуу үчүн бөлүнгөн деген эле.

Быйыл импорттук электр энергиясынын куну канча болору азырынча белгисиз. Энергетика министрлиги бул сүйлөшүүлөрдөн кийин гана аныкталарын айтты.

Бүгүнкү күндө ансыз деле карызы 137 миллиард сомго жеткен өлкөнүн энергетика системасына электр энергиясын импорттоо ого бетер оордук кылат. Акыркы 15 жылда Кыргызстан энергетика тармагында бир нече ири долбоорлорду ишке ашырды: 390 млн. долларга “Датка-Кемин” электр өткөрүү чубалгысы курулду, 386 млн. долларга Бишкек ЖЭБ модернизацияланды, 375 млн. долларга Токтогул ГЭСи калыбына келтирилди. Мунун баары чет өлкөлөрдөн, негизинен, Кытайдан алынган насыянын эсебинен жүзөгө ашырылды.

Энергетика тармагындагы каражаттын тартыштыгы (киреше менен чыгымдардын ортосундагы айырма) жылына 15 млрд. сомго чаап барууда. Министрлер кабинети бийлик көтөрүүгө батынбай келаткан тарифтердин кенемтесин толуктап турууга аргасыз. Жыл башында Министрлер кабинети мындан да катуу кетти – энергетика компанияларынын карызын республикалык бюджеттин эсебинен төлөп берүүнү сунуштады.

“Жакында энергетика системасына 6 млрд. сом бөлүү жөнүндө токтомго кол коюлду. Бул акча каякка жумшалат? Дал ушул арзан тарифтердин кенемтесин толуктаганга, - деп кейиди энергетика министри Доскул Бекмурзаев. – Эл муну туура түшүнсө жакшы болмок. Бала-Саруу ГЭСин курууга 2 млрд. сомдой зарыл. Энергетика тармагындагы тартыштык – 15 млрд. сом. Ушунча акчага канча ГЭС курсак болмок, элестеткилечи?! Ошондуктан биздин тарифтер келечекте кандай болушу керектигин ойлонууга тийишпиз”.

“Кагынчыгыбызды кагып жатабыз”

Тарифтин арзандыгы – энергетикадагы маселелердин өзөгү деп эсептейт өлкө жетекчилери. Былтыр ноябрда президент Садыр Жапаров электр баасын көтөрүүгө туура келет, антпесе бул тармакты өнүктүрүү мүмкүн эмес деген эле. Бирок бир айдан кийин эле коомчулуктун катуу сынына кабылган соң ал аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн тарифтерди төмөндөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Кийинчерээк Министрлер кабинети өнөр жай ишканалары үчүн электр акысын жогорулатты. Бирок тиричиликте пайдалануучулар үчүн тариф мурдагы эле деңгээлде кала берди: 700 кВт/саатка чейин 77 тыйын, ал чектен ашкандар үчүн 2 сом 16 тыйын. Энергетика министрлиги 2023-жылы калк үчүн тарифти кеминде 1 сом 50 тыйынга көтөрүү зарыл деп эсептеп чыкты.

“Биз энергетика тутумунун кагынчыгын кагып жатабыз. Система үчүн зарыл жабдуулар сырттан сатып алынат, баалар тынымсыз өсүүдө. ЖМК маалыматты элге туура жеткирет деп үмүттөнөм”, - деди Доскул Бекмурзаев июлдун аягындагы басма сөз жыйынында.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясында жайгашкан, ага дагы бир катар дарыялар куят: Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Торкен жана башкалар.

2020-жылы өлкөнүн жетекчилери жаан-чачын аз болгондуктан суунун деңгээли төмөндөй баштайт деп эскерткен эле. Божомол маалыматтарга ылайык, бул мезгилдеги суунун келиши көп жылдар бою болгон орточо ченемдин 90 % жакын болот.

2021-жылы Кыргызстанда электр энергиясынын керектелиши 16,2 млрд. кВт/саатка жетти. Керектөө көлөмү жыл сайын 5-6 % өсүп турат.

XS
SM
MD
LG