Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Өкмөт электр энергиясына карата жаңы, чексиз тарифин киргизүүдө


Министрлер кабинети электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жаңы категориясын киргизүүдө.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тариф 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитилди. Энергетика министрлигинин маалыматында, электр энергиясы үчүн жогорулатылган тариф боюнча төлөөгө даяр жарандардан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен “Электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдаланган калктын категориясы" киргизилүүдө.

"Жарандардын бул категориясы үчүн электр энергиясын көп керектөөчүлөр катары тариф колдонулат, башкача айтканда 252,0 тыйын × 2,0 коэффициент, же 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 504,0 тыйын. Тариф керектелген электр энергиянын жалпы көлөмүнө тиешелүү, мында 700 кВт сааттык керектөө нормасы колдонулбайт", - деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жаңы тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулуп, электр энергиясын жана анын кубаттуулугун чектөөсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылга керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына карата колдонуудагы тарифтерди мурдагыдай сактоо чечими кабыл алынды.

Президент Садыр Жапаровдун былтыр жыл аягында кол койгон жарлыгына ылайык, калган 27 тыйын бюджеттен төлөнөт жана бул тариф канчага чейин созулары так айтылган эмес. Энергетика министрлиги эгерде керектөө 700 кВт/сааттан ашса 2,16 сомдон төлөнө баштарын эскерткен.

Былтыр октябрдан баштап электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG