Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Бишкекте кампалардын бири күйүп кетти


Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектин Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан 30-июлда түнкү саат үчтөн өткөндө өрт чыкты.

Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине өрт өчүрүүчү жети бөлүм, "Тез жардам" кызматы, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан эки суу ташуучу автоунаа тартылып, өрт таңкы 7ден өтүп чектөөгө алынды.

Өрт чалган кампа тууралуу ӨКМ толугураак маалымат тараткан жок. Кырсыктын себептери айтыла элек.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.


ӨКМнын маалыматы боюнча, 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Андан 16 киши каза болуп, 228 миң сомго жакын чыгым алып келген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG