Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Киев Еленовкадагы абакка орусиялык күчтөр сокку урганын билдирди


Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн желеги.
Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн желеги.

Украинанын бийлиги Донецк облусунун оккупацияланган аймагындагы Еленовка конушундагы украин аскерлери туткундалып жаткан абакка Орусиянын куралдуу күчтөрү сокку урганын маалымдады.

Украин президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк муну "орус тарап туткундарды алмаштыруу процессин үзгүлтүккө учуратуу, орусиялык аскерлердин кылмыштарын жашыруу жана Украинанын куралдуу күчтөрүн дискредитациялоо үчүн жасаганын" айтты.

Ал украин командачылыгы курал-жарак кампалары, штабдар жана күйүүчү май базалары кайсы жерде жайгашканын так билерин, туткундар турган абактарга эч качан сокку жасабаганын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия күчтөрүнүн украин аскерлери кармалып турган абакты аткылоосу өтө оор кылмыш экенин белгилеп, эл аралык коомчулукту "Орусия Федерациясын террорчу-мамлекет" деп таанууга чакырды. Украин чалгын кызматы болсо бул чабуулду орусиялык "Вагнер" компаниясынын жалданмачылары жасаганын кабарлады.

Мунун алдында өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмү ракеталык соккудан Еленовка конушундагы абакта туткунда жаткан 40 украин аскери мерт болгонун маалымдаган. Соңку кабарларда 53 туткун өлгөнү, 130 жаракат алганы кабарланды. Жикчилдер сокку үчүн украин күчтөрүн айыптоодо.

Еленовка Донецк облусундагы шаар тибиндеги конуш болуп саналат. Анда жайгашкан №120 абакта быйыл майда Мариупол шаарында колго түшүрүлгөн украин аскерлери туткундалып турганы мурдараак кабарланган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG