Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Орусиянын калкы беш айда 430 миң кишиге кыскарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын январынан май айына чейин Орусиянын калкы 430 миң адамга кыскарган. Бул тууралуу Росстаттын "Социалдык-экономикалык абал жөнүндө" отчетунда жарыяланды.

Калктын жалпы саны аннексияланган Крымдын тургундарын кошкондо 145,1 миллионго кыскарды. Крым аннексияланган 2014-жылдан бери бул орус калкынын эң төмөнкү көрсөткүчү. Крымды кошпогондо Орусияда жашагандардын саны дээрлик 142,7 миллион адамга жеткен.

Moscow Times басылмасынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын алгачкы айларында Орусиянын калкы орто эсеп менен ай сайын 86 миң туруктуу жашоочуга кыскарган, мындай учур өлкө тарыхында, анын ичинде коронавирус эпидемиясы күчөгөн маалда дагы катталган эмес.

Расмий маалыматтар боюнча, COVID-19дан күнүнө миңден ашуун адам каза болгон.

Муну менен катар Росстаттын маалыматына караганда, Орусияда январь-май айларынын аралыгында адамдын өлүмү дагы, төрөлгөндүн саны да кыскарган. Калктын табийгый кыскарышы беш айда 355 миң адамды түздү. Орто эсеп менен өлкөдө ар бир төрөлгөн балага 1,7 өлүм туура келет.

Калктын санынын азайышына мигранттардын чыгып кеткени дагы түрткү болгон.

Басылма статистикага Украинада согуш башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткендер өлкөгө киргизилбеши мүмкүн экенин белгилеген. Ар кандай эсептөөлөр боюнча алардын саны жүз миңдеп саналат. "Өлкөдөн кеткендердин көбү каттоодон расмий чыкпагандыктан Орусиянын туруктуу калкы катары саналып калышы дагы ыктымал" деп белгилейт Moscow Times.

XS
SM
MD
LG