Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

Таласта милиция зордуктоо боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады


Талас районунун Манас айылында 17 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болгон деген окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмү ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Милиция беш көкүл быйыл июндун этегинде айылдашы тарабынан зордукталганын айтып, арыз жазганын 25-августта билдирди. Кылмыш ишинин кеч козголушун экспертизанын жыйынтыгы создугуп кеткени менен түшүндүрдү. Андан башка маалымат берген жок.

Текшерүү учурунда кыздын кош кат экени аныкталган.

Социалдык тармактарда кыздын жакындары милиция өз убагында алардын арызын карабай койгону тууралуу маалымат тарап жатат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG