Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Орусияда укук коргоочу Игорь Каляпинге кол салуу болду


Игорь Каляпин.
Игорь Каляпин.

“Кыйноолордун алдын алуу комитетинин” негиздөөчүсү жана Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Игорь Каляпинге кол салуу болду. Бул тууралуу адам укуктары боюнча кеңеш Телеграм- каналына маалымат чыгарып, Каляпин ооруканага түшкөнүн жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 24-августтун кечинде болгон. Кол салган адам өзүн Нижний Новгород шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырган. Укук коргоочунун үйүндө сүйлөшүү учурунда ал айнекти сындырып, Каляпиндин бетин тилип жиберген. Игорь Каляпин качып кетүүгө үлгүрүп, полиция чакырган. “Московский комсомолец” басылмасы шектүү кармалганын билдирди.

Игорь Каляпин ооруканада жатат. Дарыгерлердин айтымында, анын баш мээси чайкалган. “Кыйноолордун алдын алуу комитети” Орусияда чет элдик агенттердин тизмесине киргизилген. Ушундан кийин уюм өзүн-өзү жоюу тууралуу жарыялаган. Кийинчерээк алар ишин “Кыйноолорго каршы команда” катары уланта турганын билдирген.

Игорь Каляпинге 2016-жылы да кол салуу болгон. Анда Ингушетия менен Чеченстандын чек арасында “Кыйноолордун алдын алуу комитетинин” укук коргоочулары менен орус жана чет элдик журналисттерден куралган топко кол салуу катталган. Белгисиз адамдар алар түшкөн кичи автобусту өрттөп, өздөрүн уруп-сабагандан кийин из жашырып кеткен.

XS
SM
MD
LG