Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Чаплинодо Орусиянын ракеталык соккусунан набыт кеткендер 25ге жетти


Чаплинодо орус аскерлеринин соккусунан каза болгон 11 жаштагы уулунун сөөгүнүн жанында отурган киши.
Чаплинодо орус аскерлеринин соккусунан каза болгон 11 жаштагы уулунун сөөгүнүн жанында отурган киши.

Орусиянын армиясы 24-августта Украинанын Днепропетровск облусундагы Чаплино айылына урган ракеталык соккудан набыт кеткендердин саны 25 кишиге жетти. Бул тууралуу Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко Телеграммдагы каналына жазды.

“Чаплино айылында куткаруу жана издөө иштери аяктады. Турак жайларды жана темир жол станциясын аткылоодон 25 адам набыт болду. Алардын экөө балдар. 11 жаштагы бала үйдүн урандыларынын алдында, дагы бир алты жаштагы бала темир жол вокзалынын жанында вагондон чыккан өрттөн каза болду”, - деп жазды Тимошенко.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Днепропетровск облусундагы Чаплино айылына урулган ракеталык соккуну айыптап, андан 50дөн ашык киши жаракат алганын билдирген.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Чаплинодогу темир жол станциясына болгон чабуулду мыкаачылык деп айыптады.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Адегенде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “деназификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (ДНР), “Луганск Элдик Республикасы” (ЛНР) деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Андан кийин Орусия Украинанын чыгышында гана эмес, өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө да согуштук аракеттерди баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG