Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Кара-Балтада курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 25-августта эртең мененки саат 9дан өтүп өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Учурда өрттү өчүрүү иши уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өткөн айда жыл башынан бери катталган кырсыктардын басымдуу бөлүгү өрткө байланыштуу экенин билдирген.


Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG