Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

ДСУ: Украинада согуш башталгандан бери медициналык мекемелер 437 жолу чабуулга учурады


Украинада согуш башталган алты ай ичинде орус армиясы медициналык мекемелерге 437 жолу кол салган. Анда кеминде 98 киши набыт болду, алардын арасында дарыгерлер, бейтаптар да бар. Ар кандай кол салуулардан бери дегенде 134 киши жараат алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) баяндамасында айтылат.

"Тез жардам" унаасын кошкон ондогон чабуул санитардык транспортко жасалган. Мындан сырткары дары-дармек сакталып турган кампалар, баалуу медициналык жабдуулар жабыркаганы ДСУнун баяндамасында белгиленген.

Уюмдун башкы директору Тедрос Гебреисус Украинанын саламаттык сактоо системасы согушта катуу жабыркаганы менен, ал кыйрап калбаганын, жараат алгандарга жана жөнөкөй бейтаптарга жардам берүүсүн улантып келатканын айтты. Ал өзү жетектеген уюм Украинага колдоо көрсөтөрүн, бирок согуш шартында бир дагы система ырааттуу иш алып бара албай турганын белгилеп, согушту тез арада токтотууга чакырды.

Уюмдун Украинадагы өкүлү Ярно Хабихт кышында дары-дармек жеткирүү кыйындашы мүмкүн экенин эскертип, мындан аялдар, балдар жана улгайган адамдар жапа чегиши ыктымалдыгын айтты.

Орусиянын Коргоо министрлиги армия Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет. Анткен менен БУУнун 1-августка карата эсеби боюнча, Украинада согуш башталгандан бери беш миңден ашуун жайкын тургун набыт болуп, он миңдеген үйлөр жана жарандык инфраструктура талкаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG