Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Зеленский вокзалга жасалган чабуулдан 22 адам каза болгонун билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө түштүгүндөгү Днепропетровск облусундагы Чаплино темир жол станциясына урулган ракеталык сокку кеминде 22 кишинин өмүрүн кыйып, 50дөн ашууну жарадар болгонун билдирди. Ал бул кылмыш үчүн Орусияны айыптады.

"Биздин бүгүнкү кайгыбыз - Чаплино. Учурда 22 адам каза болду, алардын бешөө темир жол вагонунда күйүп кетти", - деди ал 24-августтагы түнкү видео кайрылуусунда.

Зеленский темир жол станциясында издөө-куткаруу иштери улантыларын, баскынчылар сөзсүз жоопко тартыларын жана аларды кууп чыгышарын кошумчалады.

Ракеталык чабуул тууралуу Орусия комментарий бере элек.

Каргаша 24-августта, Украинанын СССРден бөлүнүп чыкканына туура 31 жыл болгондо жана Эгемендик күнүн белгилеп жаткан күнгө туш келди. Бул күнү Орусия украин жергесине басып киргенине толук алты ай болду.

Эгемендик күнүнө байланыштуу Украинаны дүйнө лидерлери, анын ичинде Кремлдин өнөктөшү, Беларустун башында турган Александр Лукашенко менен Түркмөнстандын лидери Сердар Бердымухамедов да куттуктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG