Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Орусияда жолдо баратып кол салууга кабылган кыргыз жарандары боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда, казак-орус чек ара тилкесине жакын аймакта кыргызстандыктар кол салууга кабылган окуя боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин «Мүлктү атайылап жок кылуу же талкалоо” деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиядагы элчиликке таянып билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышкерлерди аныктап, кармоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя Саратов облусунда автомобилдик «Озинки» өткөрмө пункту тараптагы жолдо болгон. Баштапкы маалыматка караганда, казак тараптан Орусиянын аймагына кыргыз жарандарын алып өткөн такси айдоочулары кезек талаша кетишкен. Чек арадан өтүп, Москваны көздөй он кишини ташып бараткан үч машинаны ага чейин чырлаша кеткен жергиликтүү такси айдоочулары кубалап барып, Ершово кыштагынын тушунан жолун тороп алышкан. Алар бир машинанын эшик-терезесин талкалап, дөңгөлөктөрүн тешип, айдоочусун жана ичиндеги жүргүнчүлөрүн сабап кетишкен.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлгөнү, арасында оор жараат алгандары жок экени маалымдалды.

Мурдараак орус-казак чек арасында кыргызстандыктар сабалып, машинелери талкаланганы тартылган видео интертентте тараган. Анда жараат алгандардын арасында алты жашар кыз бар экени да белгиленген. Тасмада чек арада мигранттарды ташыган таксисттердин ортосунда чыр чыкканы айтылган.

Маалыматта айтылгандай, кыргызстандыктар Орусиянын миграциялык мыйзамынын "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына барышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG