Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

Жонсон Киевге майда дрондор топтомун алып келди


Борис Жонсон жана Владимир Зеленский. Киев, Украина. 24-август, 2022-жыл.
Борис Жонсон жана Владимир Зеленский. Киев, Украина. 24-август, 2022-жыл.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 24-август – Украинанын Эгемендик күнүндө Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Бул Жонсондун Орусиянын кеңири масштабдагы кол салуусу башталгандан берки Украинага жасаган үчүнчү визити.

“Азыр Украинада болуп жаткан нерсе бардыгыбыз үчүн маанилүү. Ошондуктан мен Киевге келдим, ошондуктан Британия украин досторубузду колдоосун уланта берет. Мен бул согушта Украина жеңе алат жана жеңет деп ишенем”, – деп жазды Борис Жонсон Твиттерде.

Британ премьер-министри өз билдирүүсүндө Орусия Украинанын каршылык көрсөтүү эркин, Батыштын чечкиндүүлүгүн баалай албай туруп кол салып алганын белгиледи. Жонсон ошондой эле Украинага берилчү 65 миллион долларлык, анын ичинде 850 микродронду камтыган жардам берилгенин жарыялады.

Украин президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү британ премьери сыяктуу “досту тапканына жолдуу” экенин билдирди.

Жонсон акыркы күндөрү премьер-министрлик кызматты биротоло өткөрүп берет. Ал саясий жаңжалдардын фонунда кызматтан кетерин июлда жарыялаган. Анын ордуна Консервативдик партиядан жарышып жаткан – Риши Сунак, же Лиз Трасс экөөсүнүн бирөө ээлейт. Жаңы премьердин ысымы партиянын мүчөлөрүнүң добуш берүүсүнөн жыйынтыгында аныкталат жана 5-сентябрда белгилүү болот. Трасс жарыштын фаворити деп эсептелип жатат, тышкы иштер министри катары ал дагы Украинаны катуу колдойт.

Британ премьер-министри Киевге биринчи жолу 9-апрелде келген. G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөрдүн ичинен ал Украинадагы кыйроолорду көргөн алгачкы лидер болуп калган. Экинчи жолу июнда да украин борбор калаасына келип, Зеленскийге колдоосун билдирип кеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG