Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Таиланд соту төңкөрүштөн кийин келген өкмөттү кызматтан четтетти


Прают Чан-Оча.
Прают Чан-Оча.

Таиланддын Конституциялык соту төңкөрүштөн кийин бийликке келген Прают Чан-Очанын өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотту. Мындай чечим оппозициянын петициясын кароонун алкагында кабыл алынды. Bangkok Post басылмасы кабарлагандай, оппозиция өкмөт мыйзамда каралгандан узагыраак иштеп жиберди деп сотко кайрылган.

Чан-Оча – Таиланддын армиясынын мурдагы командири. 2014-жылы өлкөдө аскердик төңкөрүш болгон. Генерал алгач аскердик өкмөттү жетектеп, кийин Министрлер кабинетинин башчы боулп калган. Ошол эле жылы августта ал кездеги король Пхумипон Адульядет аны кызматка бекиткен.

Таиланддын мыйзамында премьер-министрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн сегиз жыл деп каралган. Оппозиция белгиленген мөөнөт 24-августта аяктады деп эсептейт. Саясатчынын тарапкерлери болсо анын мөөнөтүн 2019-жылдан баштап санаш керек деп талашып жатат. Анда Чан-Оча 2017-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде кайрадан шайлоодон утуп чыккан.

Премьер-министр соттук кароо аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтеп турат. Процесс аяктаган чейин өкмөт башчынын милдетин анын орун басары Правит Вонгсуван аткарат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG