Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Акылбек Жапаров "Кумтөргө" көзөмөл катуу болорун билдирди


Акылбек Жапаров Кумтөргө барды. 24-август, 2022-жыл.
Акылбек Жапаров Кумтөргө барды. 24-август, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнө көзөмөл катуу болорун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-августта Кумтөр кенине барган учурда айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кумтөргө Министрлер кабинетинин төргасынын орун басары, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев да барган.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

"Кен Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менежментинен натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоого тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек", - деди Жапаров жаңы жетекчини жамаатка тааныштырып жатып.

Ал Барыктабасовго иш пландарын Министрлер кабинетине дүйшөмбүгө чейин берүүнү жана 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарылдыгын тапшырды.

Министрлер кабинети "Кумтөр" компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын президенти болуп компаниянын ички структураларында иштеп келген Алмаз Барыктабасов, директорлор кеңешинин төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалган.

Башкы прокуратура Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн негизинде "Кумтөр" ишканасын текшерүү башталганын кабарлады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG