Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

ТИМ орус-казак чек арасында кыргызстандыктар токмоктолду деген маалыматты тактап жатат


Орус-казак чек арасында талкаланган машине. Сүрөт социалдык медиадагы видеодон алынды.
Орус-казак чек арасында талкаланган машине. Сүрөт социалдык медиадагы видеодон алынды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Казакстан менен чек арасында кыргызстандыктардын сабалганы тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Мурдараак орус-казак чек арасында кыргызстандыктар сабалып, машинелери талкаланганы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда жабыркаган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилгени айтылган. Жараат алгандардын арасында алты жаштагы кыз бар экени да белгиленген. Тасмада чек арада мигранттарды ташыган таксисттердин ортосунда чыр чыкканы айтылган, бирок анын себеби толук белгисиз.

Маалыматта айтылгандай, кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келишкен.

Кыргызстандын Алматыдагы консулу Назарали Арипов окуя Казакстандын түндүгүндө болгонун белгилеп, башка маалымат айткан жок.


Соңку учурда Орусиядагы мигранттарга каттоо талабынын күчөгөнүнө, кыргыз элчилигинин ишине байланыштуу сын-доомат көп айтылып жаткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG