Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Садыр Жапаров кызматтык батир мугалим-дарыгерлерге эмес, УКМКга берилип жаткан себебин айтты


Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
Президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кызматтык батирлер эмне үчүн көбүнчө күч органдарында иштегендерге гана берилип жатканы тууралуу сөздөргө жооп берди. Бүгүн 24-августта ал Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрүнө курулган батирлердин ачкыч тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып коомчулукта “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Батир дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр бар экенин айтты.

“Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек”, - деди Садыр Жапаров.

Президент мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

Коомчулукта соңку жылдары Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен курулган батирлер көбүнчө айлыгы чектелүү мугалим, дарыгерлерге эмес, күч кызматкерлерине берилип жатканы сынга кабылып келет.

Бүгүн ачкычы тапшырылган үйлөр 1,5 жылда курулганын, алар 306 үй-бүлөгө эсептелгенин президенттин басма сөз кызматы билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG