Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

АКШ Украинанын аймактарында жасалма референдумдар болорун эскертти


Херсон.
Херсон.

Орусия ушул аптанын аягына чейин Украинанын оккупацияланган аймактарында референдум өткөрөрүн жарыялашы мүмкүн.

Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Москва шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, орус армиясы басып алган аймактардын тургундары Орусияга кирерин жарыялашы мүмкүн.

Кирби референдумдар жасалма өтөрүн жана ыктымал добуш берүүгө келгендердин саны өтө төмөн болот деп эсептерин айтты.

Орус күчтөрү Луганск жана Донецк облустарынын чыгыш тарабындагы ээлеген аймактарына көзөмөл орнотуусун, Херсон шаарындагы жана Харьков, Запорожье, Николаев облустарынын бир бөлүктөрүн кармоосун улантты.

Бул аймактардагы оккупациялык бийликтер Орусияга кошулуу боюнча референдумга даярдык көрүү тууралуу бир нече жолу жарыялашкан. План боюнча алар сентябрь айында өтүшү керек. Украинанын президенти Зеленский бул аракеттер согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтото турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG