Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Чолпон-Атада КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн "Келечек" I Жаштар форуму өтүп жатат


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Бүгүн, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форуму өтүп жатат.

Форумдун ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, жаштардын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров форум КМШ менен ЕАЭБдин, бизнес-коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу натыйжалуу механизми болуп калат деген оюн билдирген.

Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович дагы катышты. Мясникович баштаган делегация Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына жана КМШ, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга 24-августта келген. Жаштар форумуна 250дөй делегат катышары буга чейин айтылган.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 25-26-августта Чолпон-Атада өтөт. Анда бир катар эки жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулары күтүлүүдө. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG