Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Бишкек - Ош жолундагы жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду


Бишкек — Ош автоунаа жолунун 390-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарына жеткенде Subaru Outback үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктан жалпысынан беш киши жабыркаган. Алар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилип, 16 жаштагы эки өспүрүм ооруканада каза болушканын ӨКМ кабарлады. Жараат алган калган адамдардын абалы оор экени айтылды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жол кырсыктарынын кеспетинен каза болгондордун саны 26,4% (337ден 248ге), жараат алгандардын саны 9,6% (5122ден 4629га) төмөндөгөн.

2021-жылы беш миңдей жол кырсыгы катталып, 500дөн ашуун адам каза тапкан. 2020-жылы 6126 кырсыктан 754 адам каза болгон (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 ирет машиналардын кырсыгы 760 адамдын (91и балдар) өмүрүн алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG