Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:06

Кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасы иштелип чыгат


Балдардын укугун коргоого арналган жумушчу кеңешме өттү.
Балдардын укугун коргоого арналган жумушчу кеңешме өттү.

Бүгүн, 25-августта балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана “БУУ – аялдар” түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран жашы жете электерге карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жаңы социалдык технологияларды талкуулашты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Балдардын укугун коргоого арналган жумушчу кеңешмеге президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлери, тийиштүү министрликтин, кризистик борборлордун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар жеке жана кесиптик натыйжалуулукту жакшыртууга зарыл болгон креативдүү талкуу, эмпатикалык (өзүн жабыр тарткан адамдын ордуна коюп көрүү - ред.) мамилени колдонуу ыкмалары менен таанышты.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегиянын жана иш планынын долбоорлорун, зомбулуктун алдын алуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.

23-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык педагогикалык кеңешмеге катышып, балдарга карата кылмыш кылгандар жазасыз калбай турганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG