Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

ЕАЭБ аймагынан тышка кагаз, жыгач ташууга тыюу салынды


Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан тышкары кагаз, картон ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салынды. Тийиштүү чечимге 4-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандан жыгач жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимге да кол коюлду.

Аталган чечимдер расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Тыюу салуунун себеби айтылган эмес.

Мындай чектөө 2021-жылы да колдонулган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2019-жылдан бери кагаз продукцияларын өндүрүү көбөйгөн, аны менен катар макулатуранын импорту өскөн.

Өлкө аймагында кагаз продукцияларын өндүргөн "Картон", "Алихан Компани", "Алтын-Ажыдаар", "Paper Company", "Ак-Кайың", "Эфес ЛТД", "ИФА", "Кош Тамчы" жана башка ишканалар бар. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG