Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Тарых музейиндеги өрт: Эсеби жок экспонаттар


Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылган учур. 19-декабрь, 2021-жыл.

2016-жылдын 22-июлунда Кыргыз улуттук тарых музейинин имаратында ири өрт чыккан. Анын кесепеттери жана күйүп кеткен баалуу экспонаттардын так саны азыркыга чейин белгисиз. Расмий тараптар өрттө тарыхый баалуулугу жок буюмдар жок болгонун айтса, жагдайды ичинен билген адистер менен айрым документтер иш жүзүндө миңдеген экспонат күйгөнүн, аны кызыкдар тараптар жаап-жашырып жатканын билдирүүдө.

Бул макаланы даярдоодо 52 ар кандай макамдагы документтер изилденди жана компетенттүү кызмат адамдары, адистер, эксперттерден турган 14 адамдан маалымат алынды.

Музейдин учурдагы директору менен директорунун орун басары (2016-ж. директорлук кызматты аркалаган) баш болгон кызматкерлеринен пикир алуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, көпчүлүгү ар кандай себептер менен жооп берүүдөн тайсалдап баш тартты.

Үзүл-кесил тергөө

Өрт эмнеден чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) лабораториясы жана Адилет министрлигинин алдындагы соттук-экспертизалар борбору иликтеп, бирок ар башка тыянакка келген.

2016-жылдын 5-августунда ӨКМнын Өрткө каршы кызматынын лабораториясы жалын «электр шаймандарын иштетүүдө өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан» улам тутанганын белгиленген.

Соттук экспертизалар борборунун тыянагы (09.11.2016)
Соттук экспертизалар борборунун тыянагы (09.11.2016)

2016-жылдын 9-ноябрында Адилет министрлигинин алдындагы соттук экспертизалар борборунун тыянагы чыккан. Анда өрттүн чыгышына «жалынды алоолонткон зат колдонулганы, электр жабдыгынын өрткө тиешеси жоктугу жана экспонаттардын өзүнөн-өзү тутанып кетүү мүмкүнчүлүгү четке кагылары» жазылган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы 2017-жылдын 16-январында Кылмыш кодексинин «Өрттөө аркылуу мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бул факты боюнча ички иштер органдары кылмыш ишин бир нече жолу токтотуп, кайра бир нече ирет жандандырган, беш жыл ичинде тергөөдө колдон колго өткөн. Аракетсиздиги жана прокуратуранын көрсөтмөсүн аткарбагандыгы үчүн бир тергөөчү тартиптик жазага тартылган.

Улуттук тарых музейинин жетекчилиги 2020-жылдын 2-ноябрында музей фондунун кемиген экспонаттары жана музей фондун өрттөө фактылары боюнча кылмыш иштеринин сотко чейинки өндүрүшүн токтотууну өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура тиешелүү жооп даярдоону Бишкек шаардык прокуратурасына, ал жактан Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырган. Башка эч нерсе жасалган эмес.

Кылмыш ишинин жагдайы тууралуу "Азаттык" радиосунун 13-июлда жазган суроо-катына Ички иштер министрлигинен жооп боло элек. Башкы прокуратурага жазылган кат Бишкек шаардык, андан ары Биринчи Май райондук прокуратурасына жөнөтүлдү. Аягында райондук прокурордун жардамчысы Мирлан Керимжанов аталган иштер учурда токтоп турганын билдирди.

«Өрттөлгөн маселе боюнча иш токтотулуп турат. Бул иш 2017-жылдан 2019-жылга чейин Ички иштер министрлигинин башкы тергөө кызматы жана Биринчи Май райондук ИИБи тарабынан бир нече жолу тергелген. Бул боюнча комплекстүү, комиссиялык, алгачкы экспертизалардын баарынын жыйынтыктары чыккан. Экспертизалардын жыйынтыгы менен эмнеден өрттөлгөнү аныкталган. Бирок баштапкы эксперттердин жыйынтыгына караганда кийинки эксперттердин жыйынтыгы башкача чыгып калган. Биринчиси зымдардан өрттөнгөн деп чыккан, экинчиси болсо «атайын өрттөлгөн» деп чыгарган. Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат».

Узарган тизме

Тарых музейиндеги өрттүн кесепеттери ушу кезге чейин ар башка айтылып келет. Канча экспонат өрттөлгөнү тууралуу тергөө органдары дагы, мамлекеттик тармактык мекемелер дагы, жадагалса музейдин өзүнүн жамааты дагы бир кылка пикирде эмес.

Өрттөн кийин журналисттердин суроосуна жооп берген учурда музейдин ошол кездеги директору Анаркүл Исиралиева "бир да экспонат күйгөн эмес" десе, 26-июлда «Вечерний Бишкек» басылмасы менен болгон маегинде эскирип бүткөн боз үй күлгө айланганын айткан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мекемелер аралык комиссия түзүп, анын жыйынтыгы боюнча 2016-жылдын 16-сентябрында маалымкат чыккан. Анда өрттө «экспонаттар жабыркаган эмес, айрым эсептен чыгарылган буюмдар менен чарба буюмдары эле күйгөн» деп жазылган. Андан кийин музейде күйүп кеткен буюмдардын расмий эсеби дагы ондогон эсеге өскөн.

Өрт жөнүндө акт (23.08.2016)
Өрт жөнүндө акт (23.08.2016)

Өрттөн туура бир айдан кийин, 2016-жылдын 23-августунда музейдин директору баш болгон кызматкерлеринен турган топ тилсиз жоонун кесепеттери тууралуу акт түзүшкөн. Анда «өрттүн айынан 1988-1991-жылдары эсептен чыгаруу боюнча дефекттик актыга кирген 25 музейдик буюм (шырдактар, ала кийиздер, боз үйдүн кийиз жабуулары, килемдер) жабыркаганы белгиленген. Актыга башкы сактоочу Н.Иманкулова кол койгон тизме тиркелип, ага 1 боз үй жабуусу, 12 шырдак, 7 ала кийиз жана 5 килем кирген. Бирок, бул сандар акыркы чек эмес...

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түзгөн комиссиянын 2019-жылдын 25-февралындагы аныктамасында мурда аныкталган 25 музей буюмуна дагы 20 экспонат кошулган.

«2016-жылдын 22-июлунда экспонаттар турган жайдан өрт чыгып, көптөгөн экспонаттар жабыркаган. 2016-жылдын 22-июлунда түзүлгөн актыда 25 шырдак, ала кийиз жана килемдер жабыркаган. Бул боюнча 2016-жылдын 21-октябрында курамы 12 кызматкерден турган комиссия дагы 20 килем өрттөнгөнүн тапкан. Жабыркаган 45 бирдиктен алтоо реставрацияланып, 39ц калыбына келе элек» деп жазылат аныктамада.

Бейрасмий маалыматтар иш жүзүндө күйүп, жараксыз абалга кириптер болгон экспонаттардын саны миңдеп саналарын жана аларды жаап-жашыруу аракеттери уланып келатканын көрсөтүүдө.

«Миңдеген экспонат күйгөн»

2021-жылы музейдин жертөлөсүндө жашыруун жай табылып, анда 2016-жылдагы өрттөн жабыркаган миңдеген музей буюмдары жатканы аныкталган. Улуттук тарых музейинин 2020-2022-жылдардагы директорунун милдетин аткаруучу Гүлбара Абдыкалыкова 2016-жылдагы өрттө аныгында эки миңден ашык музей буюмдары жабыркагандыгын билдирди:

Гүлбара Абдыкалыкова
Гүлбара Абдыкалыкова

«Килем, ала кийиздерден тышкары жертөлөдөн дагы бир кичинекей бөлмө табылган. Ал бөлмөнүн ичинен жаңылбасам жети куту документ, китептер салынган идиштер чыкты. Аны биз бери оозуна алып чыгып, иретке келтиргенбиз. Күйгөн жерлеринин баары тең кыркылганын ошол жерде иштеген сактоочулар актыларында жазып беришкен. Анын негизинде биз иреттелип бүткөнүнө жараша бөлүп-бөлүп, министрликке 56 барак тиркеп, эки жолу кат жолдогонбуз. Азыр мен так санын айта албай турам. Менимче эки миңден ашык болушу керек эле. Себеби, тизме боюнча катар номуру белгиленгени менен, анын ичинде дагы ар бир позиция боюнча, мисалы каттоодогу сүрөттөр деп, андан 50 даана же 40 даана деп ичинде дагы бөлүнүп-бөлүнүп жазылган болчу. Мен жазган каттын негизинде мекемелер аралык комиссия түзүлмөк».

Өрттөнгөн экспонаттар жөнүндө акт (23.07.2021)
Өрттөнгөн экспонаттар жөнүндө акт (23.07.2021)

2021-жылдын 14-июлунда музейдин кызматкерлери С.Сапаралиева, Б.Сопубекова жана К.Аблаева жер төлөдөн жети куту күйгөн музей буюмдарын табышкан. Анда Негизги фонд менен Көмөкчү фонддун номурлары бар документтер, сүрөттөр, китептер, плакаттар жана килемдер болгон. Алардын баарынын жалын чырмаган жерлери кесилгени, ным жерде тургандыктан көгөрүп, жараксыз болуп калганы аныкталган. Көптөрүнүн Келип түшүү китепчесиндеги (книга поступления) номурлары кыркылган. Аталган кызматкерлер табылган экспонаттардын номурларын жазып тактап, 23-июлда революцияга чейинки жана совет өкмөтү маалындагы китеп, сүрөт, басылмалар, документ жана башка баалуу 730 экспонаттан турган тизме тиркелген акты түзүшкөн. Алардын ар бири бир нече даанадан же барактан тургандыктан, жалпы көлөмү 2215 буюм деп жазылган. Актыда «Булардын баары күйгөн, ошол күйгөн жерлери кыркылган, ным жерде тургандыктан көгөрүп жараксыз абалга келген, көптөрүнүн каттоо номерлери да кыркылган» деп жазылган.

Өрттөнгөн экспонаттар жөнүндө билдирүү
Өрттөнгөн экспонаттар жөнүндө билдирүү

Ошол эле кызматкерлер 23-июлда музейдин жетекчисине билдирүү менен кайрылган. Алар 2016-жылдын 22-июлунда музейдин имаратында чыккан өрттүн кесепетинен «көптөгөн музей экспонаттары жабыркагандыгын» билдирген. Билдирүүдө «музейдин башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова өрттөн кийин эч нерсе күйгөн эмес деп жашырып келгени, кызматкерлер менен бирге өрттөн кийинки сактоо, тактоо иштерин жүргүзбөгөндүгү» жазылган. Кызматкерлер башкы сактоочудан өрттөн кийин жараксыз болгон экспонаттардын баары таштандыга кеткенин уккандыгын билдирип, тез арада чара көрүүнү суранышкан.

Музейдин Башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова жагдай боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

«Жетекчиликке кайрылыңыз. Анан ошол жактан маалымат алыңыз. Мен мындай жооп бере албайм. Жетекчиликтин уруксаты менен гана», - деп учкай жооп берди.

Табылган экспонаттар тууралуу музейдин администрациясы 2019-2021-жылдар аралыгында министрликке ондогон барак тизмени тиркеп, беш жолу кат жолдонгон. Министрлик эч кандай иш-аракет көргөн эмес, болгону 2020-жылдын 29-июнунда музейге жазган жооп катында жагдайга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу сунушун берген.

Кеңешбек Алмакүчүков
Кеңешбек Алмакүчүков

Улуттук тарых музейинин 2018-2020-жылдардагы директору Кеңешбек Алмакүчүков 2022-жылдын 20-июнунда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Арызда 2016-жылдагы өрттөн 1037 экспонат жабыркаганын билдирет. Ага чейинки жылдары жоголгон 503 экспонатты кошкондо Тарых музейинен эле 1540 баалуу экспонат жоголгон же жараксыз болуп калган. Алмакүчүковдун тизмеси боюнча күйгөн экспонаттар мындай баалуу буюмдардан турат:

- Белектер фондунан 25 килем;

- Мемориалдык фонддон 730 килем жана аларга коюлган колдор, 49 басма сөз каражаты;

- Сейрек кездешүүчү фонддон 54 китеп, 9 схема, 56 дубал гезит жана үгүт материалдары, 9 көргөзмө материалдар, 19 плакат, 10 китеп, эсептик карточкалар жана 76 шырдак.

«Музейде директор болуп турганда кызматкерлерден сураштырсам, алар «өрт учурунда бир топ эле экспонаттар жабыркаган, биз көргөнбүз, кампада жаткан боз үй, шырдактар, этнографиялык экспонаттар күйүп кеткен» деп айтышты. Азыр эсимде толук сан жок. Менин эстегениме караганда, 753 экспонат өрттө жабыркаптыр. Ага 2013-жылы далилденген 503тү кошкула. Мен иштеген мезгилде да министрликтен комиссия келген, ошондо да бир топ экспонаттардын саны чыккан болчу. Азыр жалпысынан жоголуп, өрттөлүп кеткен экспонаттардын саны 1500 жакын».

Адистер жоголгон жана өрттөн жабыркаган экспонаттардын саны муну менен эле чектелбеши мүмкүн деп эсептешет.

"Күйүп кеткен буюмдарды тактоо" тизмеси
"Күйүп кеткен буюмдарды тактоо" тизмеси

Музейдин сактоочусу Замира Бегалиева кол койгон тизме боюнча өрттөн жабыркаган музей буюмдарынын масштабы дагы да өсөт. Алар:

- шырдак 76 даана;
- ала кийиз 37 даана;
- көлдөлөң 15 даана;
- аң терилери 25 даана;
- чий 76 даана;
- боз үйгө тиешелүү ак этек, тергич, жабык баш 29 даана;

- 7 боз үйдүн деталдары 828 даана;

- аркан, жип-шуулар, укурук жип, көгөн, тушамыш, сызма, уук тизгич жип ж.б. 56 даана;

- жууркан 40 даана;

- жер төшөк 12 даана;

- жаздык 8 даана.

Баары болуп бул тизмеде 1202 даана музей буюмдары жазылган.

Бегалиева менен сүйлөшүү аракетибиз майнапсыз болду. Алгач эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтып, андан кийин телефонго жана каттарга жооп берген жок.

2021-жылдын 24-июлунда музейдин каттоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кубат Жумабаев директордун наамына кызматтык кат жазган. Катта 2016-жылдагы өрттө күйгөн жана тытылган 329 музей буюмунун тизмеси түзүлгөнүн билдирген. Алар китептер, сүрөттөр, археологиялык казуулардын схемалары, көргөзмө сүрөттөр, дубал гезиттер, плакаттар, жарыялар жана ураандар болгон. Ал буюмдардын ар бири бир нече даанадан же барактан турат.

Аныкталган тизмелерде музей буюмдарынын бир бөлүгүндө Улуттук тарых музейинин Келип түшүү китепчесине, Негизги фонд менен Көмөкчү фондго каттоого алуу жөнүндө ыйгарылган номурлары бар. Күйүктөн, чириктен, жана өрттөн кийин белгисиз бирөөлөр күйгөн жерлерин кырып-кесип салгандыктан, дагы бир бөлүгүнүн каттоо номерлери көрүнбөй калган.

Тарых музейинин кызматкерлери түзгөн салыштырма жадыбал
Тарых музейинин кызматкерлери түзгөн салыштырма жадыбал

Арийне, музей кызматкерлери түзгөн салыштырма жадыбалда күйүп кеткен буюмдардын көпчүлүгү эскилиги жетип эсептен чыгарууга даярдалбай эле, жакшы сапатта, негизги фонддун эсебинде турган экспонаттар экени көрсөтүлгөн.

Музей кызматкерлеринин жана документтердин негизинде аныкталган маалыматтарды тактоо үчүн музейдин мурдагы директору, учурда директордун илимий иштер боюнча орун басары кызматын аркалап жаткан Анаркүл Исиралиевадан жооп алууга мүмкүн болбоду. Алгач биздин суроолорубузга жооп берүүгө көнүп, бирок кийин телефонун көтөрбөй койду. Иш кеңесесине барып да жолуга албадык.

Өрттүн кесепетин аныктоо жана музей буюмдарынын эсептик документтерин тактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө суроо үчүн музейдин жаңы директору Жылдыз Бакашева менен да байланышуу аракетибизден натыйжа чыкпады.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурунку статс-катчысы Бактыбек Секимов 2016-жылдын августта түзүлгөн мекемелер аралык комиссияны жетектеген. Анын айтымында, комиссия алгач музейдеги реконструкциялык иштерге байланыштуу үстүңкү кабатта ширетүү иштери болуп жаткандыктан, өрт ошондон тутанган болушу мүмкүн деген тыянак чыгарган. Экспертиза «өрттөө болгон» деген тыянак чыгарганда таң калышканын жашырбайт. Секимов кимдир бирөөлөр музейдин ошол кездеги жетекчиси Анаркүл Исиралиеваны жаманатты кылуу үчүн ар кандай сөздөрдү чыгарып жаткан болушу мүмкүн деп эсептейт.

Бактыбек Секимов
Бактыбек Секимов

«Кийинки иштеген Гүлбара Абдыкалыкова, андан мурунку Анаркүл Исираилова, андан кийинки К.Алмакүчүков деп жамаат үчкө бөлүнүп калган. Ар ким өзүнүн кызыкчылыгын көздөп эле бирин жамандап, бирин мактап аткандары бар. Бул жерде бир тараптуу карабаш керек. Мисалы, реконструкциялоо идеясынын башында Анаркүл Исираилова турган. Андан кийин ал өкмөткө жакпай калып, К.Алмакүчүковду коюшту. Аны койгондо да квалификациялык талаптардын баарын бузуп, экономикалык билими менен алып барган. Ал жерде көп нерсе бар. Абдыкалыкова бизде борбордук аппаратта иштечү эле. Музейдин жумушун билет деп аны убактылуу алып барып койсок, аны менин кишим деп чыгарышты. Мындай айтканда, ал жерде жамаатта моралдык климат аябай начар. Эки-үчкө бөлүнүп алышып, өздөрүнүн эле сөзүн сүйлөй берет. Исираилова дегенди жаман көргөзүш үчүн айтып жатышы да мүмкүн. Анткени ал өзүнө душмандарды таап алган себеби, директор болуп дайындалганда барып инвентаризацияны баштап, ичиндеги бир топ сактоочулары кармалган. Мурдатан эле ошондой быкы-чыкылары көп экен».

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Тарых музейинин өзүнүн кызматкерлеринен турган ички комиссия түзүлүп, өрттө күйгөн буюмдарды баалоо иштери менен алектенип жатат. Министрдин орун басары Салтанат Аманова адистердин тыянагына жараша мекеме да өзүнчө комиссия түзүп, акыркы чечим чыгарын белгиледи.

Салтанат Аманова
Салтанат Аманова

«Министрликтин ичинде комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында «музейдин ичиндеги экспонаттар күйдү, алардын саны мынча» деп берилген эмес. Бирок, кийин Гүлбара Абдыкалыковна иштеп жүргөн мезгилде күйүп кеткен экспонаттардын баарын тазалап, эсептен чыгарып музейдин ачылышына даярдагыла дегенбиз да. Ошол мезгилде "айрым бир этикеткалары туруп калган учурларды көрдүк" деп Гүлбара Абдыкалыковна бизге кат жазган. Анын катынын негизинде мен куратор катары ички комиссия түзүү боюнча протоколдук тапшырма бергем. 2021-жылы мен жаңы келгенде ушундай тапшырма койгом. «Кайрадан ички изилдөө жүргүзүлсүн, компетенттүү комиссия түзүлсүн, толук текшерүүдөн өтсүн» деп. Бирок, ал комиссия ишин бүтүп жыйынтыгын бизге бере элек. Эгерде ошол жыйынтыкты бере турган болсо, сөзсүз түрдө министрликтин өзүндө кайрадан комиссия түзүлүп, ошол учурда иштеп жаткан адамдарга ички тартиптик жазалар көрүлөт. Тартип боюнча биринчи ички иликтөө жүргүзүлөт. Качан адистер өздөрү жыйынтыкты берип, чындап эле бул экспонаттын күйгөндүгү анык деп берген болсо, анда биз тиешелүү органдарга кайрылабыз».

Эсеби жок экспонаттар

Улуттук тарых музейинин жетекчилиги музейдеги өрттөн «эскирип жетеси жеткен, эсептен чыгарууга даярдалган, тарыхый баалуулугу жок буюмдар жабыркаган» деп билдирип келет. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги түзгөн Мекемелер аралык комиссиянын маалымкатында да «конференц-залда эсептен чыгаруу үчүн дефекттик актыга киргизилген чарба буюмдары, шырдактар, ала кийиздер, боз үйдүн кийиз жабуулары, килемдер болгону» жазылган. Бирок ал буюмдарды дефекттик актыга киргизүүгө жана музей фондунан чыгарууга негиз болгон компетенттүү комиссиялык тыянактар менен чечимдер эч жерде кездешпейт.

Расмий маалыматтар боюнча, Улуттук тарых музейинде 135 099 буюм бар деп эсептелип келет. Анын 97216 музейдин китепчесинде катталса, 37 883ү каттоого алынган эмес, ошондой эле эсепке киргизилбеген буюмдар болгон.

Музейдин имаратында эсепке алынбаган буюмдарды кармоого тыюу салынат. «Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча» нускамада бул эреже так жазылган.

Тармакты билген адистер музей фондунан кандайдыр бир буюмду чыгаруунун процедурасы татаал экенин, экспонаттын жарактуулугун тыкыр изилдеп, тиешелүү документтерди даярдамайынча жетекчи өз алдынча эсептен чыгара албай турганын билдирип жатышат.

«Музейдин өзүнүн нускамалары, мыйзамдары бар. Эгерде экспонат жабыркаса же бир нерсе болсо өзүнүн процедуралары бар. Илимий кеңешме же Усулдук кеңешме чогулат. «Эмне себептен бул жабыркады, ким күнөөлүү, эмне себептен ушундай болду?» деп изилдейт. Музей буюмдарын келип түшүү китепчесинен чыгаруу өтө зор маселе. Анткени, алар өкмөттүн токтому менен чыгарылат. Музейдин фондунан чыгаруу боюнча өзүнчө процедура бар, ал да жөнөкөй процедура эмес. Андан чыгаруунун эки эле жолу бар. Уурдалып жоголгондо же сапаты такыр эле болбой калганда чыгарылат. Эгерде уурдалып кетсе, анда тергөө иштери жана соттун чечими болуш керек. Уурдалды, ким себепкер болду, ким күнөөлүү дегендей... Экинчи маселе – сапаты жоголгондо. Сапаты жөн эле жоголо бербейт да. Мисалы, кийизден жасалган экспонаттар, килем, ала кийиз, шырдак өңдүү экспонаттар эмне себептен чириди, кандай шартта сакталган, эмне себептен шырдак сакталган жерде нымдуулук стандарттан жогору болуп калган, суу тамчыладыбы же жылуулук системадан буу чыктыбы? Аны да аныкташ керек. Ошон үчүн музей фондунан чыгарыш үчүн реставрациялык комиссия, усулдук комиссия өңдүү комиссиялардын чечими керек. Туш келди эле «бул чирип калыптыр, бул дат басып кетиптир, жарабай калды, күбө жеп койду» деген такыр болбогон иш», - деп түшүндүрдү аталган музейдин мурдагы директору Кеңешбек Алмакүчүков.

Реконструкция чыры

Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы мартта башталган. Оболу Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен кыргыз өкмөтү меморандум түзүп, музейди түркиялык тарап өз каражатына оңдоп бермей болгон. Анын тышкы бети менен айланасы оңдолуп калган кезде кыргыз-түрк алакасына доо кетип, курулуш иштерин каржылоо токтоп калган. Кыргыз өкмөтү оңдоп-түзөө иштерин андан ары өз бюджетинин эсебинен оңдомокчу болуп, казынадан 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

2018-жылдын июль айында Башкы прокуратура Тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 307 млн. 650 миң сом деп бааланган.

Кылмыш ишинин алкагында президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Сапар Исаков, бөлүм башчысы Мира Карыбаева баштаган бир катар аткаминерлердин сот иши уланып келет.

Тарыхчылар музейдин оңдоп-түзөө иштериндегы чырды өзүнчө бир саясат коштолгон чоң окуя катары сыпаттап, өрттөн жабыркаган миңдеген баалуу тарыхый экспонаттардын жок болуп кетишинин мааниси андан алда канча олуттуу экендигин айтып келишет.

Президенттин алдындагы «Мурас» фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов тарых музейиндеги баалуу экспонаттар барга сайын азайып, жакырданып баратканын айтты:

Кыяc Молдокасымов
Кыяc Молдокасымов

«Бул ошол жердеги жетекчиликтин жоопкерсиздигинен улам болууда. Ал жерде күнөөлүүлөрдүн эч кандай жазаланбагандыгынан улам болууда. Тарых музейи көп жылдан бери көзөмөлгө алынбай, күнөөлүүлөр жазаланбагандыктан, уламдан-улам, жылдан-жылга экспонаттар ар кандай шылтоолор менен жоголуп кетүүдө. Ошон үчүн бүгүнкү күндө музейдин жаш эмгек жамааты дайыма чындыкты талап кылып, чыркырапкелет. Бирок, эски муундун өкүлдөрү, эски жетекчилери ага тоскоол болууда. Ошон үчүн Башкы прокуратура ар бир музейге өтө тың, кесипкөй тергөөчүлөрүн жиберип, ушулардын баарын жолго салышы керек. Ошондо гана жоголуу, талап-тоноо, жоопкерсиздик тыйылат. Болбосо, Тарых музейи келечекте көп экспонаттарынан айрылып калуу коркунучунда турат.

Мен жакында эле уктум, Башкы прокуратура атайын иликтөө баштаган мезгилде дагы эле ушундай бир комиссия түзүлүптүр. Комиссияга ошол буюмдар жоголгон мезгилдеги адамдар да кириптир деп угуп атам. Ага чейин көз карандысыз топ тарабынан дагы иликтенип, тизмелери ачыкталган. Ошон үчүн бул жерде ошол көз карандысыз топ тарабынан иликтенген маалымат эске алыныш керек. Ким жетекчи болуп турган мезгилде мамлекетке өтө наадандык, чыккынчылык менен мамиле жасалса, алар кызматтан четтетилиши керек. Алар четтетилгенде, аларды комиссияга аралаштырбаганда гана чындык өкүм сүрөт».

2017-жылы Коопсуздук кеңеши Тарых музейинен 503 баалуу экспонаттар жоголгонун жарыялаган.

Мындай маалымат 2008-жылдан 2012-жылга чейин жүргөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган. Негизинен археологиялык фонддогу экспонаттар жоголгону айтылган. Музейдин жетекчилиги ал 1970-жылдан 2000-жылга чейин ар кайсы жетекчинин тушунда, ар кандай шартта жоголгон экспонаттар деп түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG