Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Тарых музейи ачылгандан бери 22,5 миңдей көрүүчү келди


Тарых музейи оңдоп-түзөтүүгө жабылгандан кийин беш жылдан соң былтыр ноябрда ачылган.
Тарых музейи оңдоп-түзөтүүгө жабылгандан кийин беш жылдан соң былтыр ноябрда ачылган.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 1-февралда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, музейдеги экспонаттардын саны 1 миң 600дөн 4,5 миңге чейин көбөйдү, жаңы 300дөй көргөзмө витринасы коюлду. Музей ремонттон кийин ачылгандан бери көрүүчүлөрдөн эки миллион сомдон ашык акча түштү.

Бишкекте беш жыл бою жабык турган музей былтыр ноябрда ачылган жана алгачкы он күндө кирүү акысыз болгон. Маданий жай жаңы ачылган күндөрү көрүүчүлөрдүн узун кезеги пайда болгон.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп-нускалары коюлган. Немис адистери аларды заманбап технологияда жасалгалап, экспонаттар мультимедиалык жабдууларга туташкан.

2016-жылы оңдоо үчүн жабылган музей коррупциялык талаштуу жагдайларга жана сот иштерине байланыштуу узакка ачылбай турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG