Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Акталган жана соттолгон саясатчылар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда Кыргызстанда ондогон саясатчынын үстүнөн козголгон кылмыш иштери жана сот өкүмдөрү кайра каралып жатат. 2020-жылы октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Жогорку сот мурдагы айыптоо өкүмдөрүн жокко чыгарган бир топ чечимдерди кабыл алды. Жаңы бийликтин тушунда сот кайрымы кимдерге өзгөчө тийип жатат?

2021-жылы өлкө бийлигинин коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүнүн алкагында ондогон аттуу-баштуу саясатчылар, мамлекеттик аткаминерлер кармалып абакка киргизилди. Бирок алардын көпчүлүгү ар кандай негиздер менен эркиндикке чыгып жатат. Муну менен катар атамбаевдик-жээнбековдук режимдердин тушунда соттолгон бир катар саясатчылардын иши да кайра каралып, акталууга жетишүүдө. Алар кезегинде саясий негизде соттолгонун айтып келишкен.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2021-жылдын апрель айында саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду актаган чечим чыгарды. “Мегаком” чырында 1 миллион доллар пара алууга айыпталган эки саясатчы 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу. Жогорку сот алардын ишин 2019-жылдын августунда “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” кайра кароого жөнөткөн. Саясатчылар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтуктугуна кабылганын билдирип, айыпты четке кагышкан.

Муну менен катар Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 2020-жылдын октябрында чет элден кайтып келип бардык соттук инстанциялардан акталып чыкты. Ал Ош шаарын жетектеп турганда эстакадалык көпүрөнү куруу чечимин кабыл алууда “ыйгарым укуктарынан аша чапкан” деп айыпталган болчу. 2015-жылы Ош шаардык соту Мырзакматовду жети жылга эркинен ажыратып, облустук сот өкүмдү күчүндө калтырган. Мырзакматов чет элге чыгып кеткен.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча мурунку өкүмдү Жогорку сот 2021-жылдын март айында жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөткөн. Ал Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевге лицензия берүү ишинде айыптуу деп табылып, райондук сот беш жылга эркинен ажыраткан болчу. Сот Салянованын кызы 14 жашка чыкканча жаза аткарууну токтото турууну чечкен. Артка кайтарылган иш азыр райондук соттун кароосунда.

Жогорку сот 2021-жылдын декабрь айында мурдагы депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча чыккан өкүмдөрдү да жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөттү. Самаков 2015-жылдан бери Чүй облусунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл аймактарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталып келген. 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Самаковду 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарып, 2018-жылы Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Талаштуу “сот адилеттиги”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парага ыктап калпыс чечим чыгарган соттор жоопкерчиликке тартыларын катуу эскертип келет. Былтыр башкы чекист "соттор пара албай калганын" баса белгилеген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Буга чейин сот органдары тарабынан чечимдер пара аркылуу кабыл алынып келген. Азыр сотко барып пара берип көргүлөчү! Бир дагы сот пара ала албайт. Өлкөдө бир дагы сот пара албайт деп ишенимдүү айта алам. Алар чечимди мыйзамдын алкагында гана кабыл алышат. Биз Жогорку соттун башчысы Калиеваны баш кылып сот органдарынын бир нече кызмат адамдарын жоопко тарттык. Ушундан кийин сот системасындагы абал өзгөрдү", - деген ал.

Кыргызстанда 2020-жылы бийлик алмашкандан бери акталып чыккандар:

Райкүл Жапарова

Жогорку сот 2021-жылдын 25-январында президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованын иши боюнча мурунку өкүмдөрүн жокко чыгарды. Иш кайра тергөө үчүн Каржы полициясына жиберилип, ал жакта биротоло жабылган.

Тергөө Райкүл Жапарова 2007-жылы “Ысык-Көл инвест банкын” рейдерлик жол менен тартып алган деп шек санап, кылмыш ишин козгогон. Бул иште ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин аты да башкы уюштуруучу катары аталган. Жапарова 2014-жылы Октябрь райондук жана 2015-жылы Бишкек шаардык соттору Кылмыш кодексинин “кылмыштуу кирешени адалдоого катышуу”, “алдамчылык” жана “коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматкердин ыйгарым укугунан аша чабуу” беренелери боюнча айыптуу деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан. 2020-жылдын май айында укук коргоо органдары анын Польшада кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Жапаровдор бул иш саясий куугунтук экенин айтып келишкен.

Шайырбек Ташиев, Абсаттар Сыргабаев жана Жеңишбек Токторбаев

Жогорку сот 2021-жылдын 24-майында Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев, өкүл баласы Абсаттар Сыргабаев жана жердеши Жеңишбек Токторбаев боюнча мурунку өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөттү. Сот бул чечимге “маанилүү процессуалдык бузуулар” негиз болгонун билдирген.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор камалганда алардын тарапташтары Жалал-Абадда митингге чыгышкан. Акция учурунда митингчилер Бишкек - Ош жолун тосуп, облустук администрациянын имаратын басып алган окуя катталып, кылмыш иши козголгон. Окуянын уюштуруучулары катары Шайырбек Ташиев, Абсаттар Сыргабаев, Жеңишбек Токторбаев жана Медербек Усенов аттуу жарандар Кылмыш кодексинин “массалык башаламандык” жана “бейбаштык” беренелери менен айыпталып, үч жыл шарттуу жаза мөөнөтү берилген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан депутат болгон Жеңишбек Токторбаев бул ишке 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында чекит коюлганын айтат.

"Ал сотубуз бүткөн. Аны соттор бүтүрүп, акталганбыз. Кудайым буюрса, баары жакшы. Актоо өкүмү чыккан. 2020-жылы акталып, депутаттыкка койгонбуз", - деди Токторбаев.

Ал эми Жалал-Абад шаардык сотунун маалымат катчысы Мирлан Төрөмаматов алардын иши кайра каралып жатканын билдирди.

“Аталган иш Жогорку соттун токтому менен кайра биринчи инстанцияга жөнөтүлгөн. Иш Жалал-Абад шаардык сотунда ушул жылдын 3-февраль күнү саат 14:00гө коюлган”.

Шайырбек Ташиев менен Жеңишбек Токторбаев 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланышты. Абсаттар Сыргабаев 2020-жылдын октябрь айынан бери Жалал-Абад облусун жетектеп келет.

"Коомдук анализ" институту сот системасынын ишмердигине байкоо жүргүзүүдө тажрыйбасы мол уюм. Институттун директору Айсулуу Айтбаева соттордун "саясий бийликке күнкордугу" азыркыга чейин уланып келатканын белгиледи:

"Жөнөкөй жарандын иши мындай бат каралбайт. Адамдар айлап-жылдап камакта отурат, бир нерсени далилдешет. Биздин системада актоо өкүмүн чыгаруу аябай кыйын нерсе. Ал көп убакытка созулуп, көп нерсени далилдөө керек болот. Бул жерде бир-эки күндө эле акталып чыгып атышат. Сөзсүз, саясий көрүнүш болуп жатат. Конституцияда жазылса дагы, бизде сот көз карандысыздыгы жок. Биздин соттор аткаминерлерге, чоңдорго көз каранды болуп, өз алдынча чечим чыгаруудан коркушат. Бийлик эмне десе ошолордун буйругун аткарып, сот системасы баягы эле кейпин кийип калып атат", - деди Айтбаева.

Жаңы бийликтин тушунда сот иштерин жаптырып же акталып жаткан саясатчылардын андан аркы тизмесин уланталы.

Равшан Сабиров

Равшан Сабиров.
Равшан Сабиров.

2021-жылдын май айында Жогорку сот Равшан Сабировдун буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, жаңы апелляциялык кароого жөнөттү. Буга прокуратуранын корутундусу боюнча “жаңы ачылган жагдайлар” негиз болгону айтылган.

Сабиров 2012-жылы Социалдык коргоо министри болуп иштеп турганда кармалып, ага “эл аралык бала асырап алуу жаатында иштөөгө уруксат берүү үчүн чет элдик компаниядан ири суммадагы пара талап кылган” деген айып тагылган. 2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган, бирок Бишкек шаардык соту үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Экс-министр 2014-жылы мунапыс менен абактан бошотулган.

Равшан Сабиров октябрь окуяларынан кийин вице-премьер-министр, президенттин кеңешчиси болуп иштеди. Учурда Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат.

Нариман Түлеев

Нариман Түлеев. Архив сүрөт.
Нариман Түлеев. Архив сүрөт.

2021-жылдын 9-февралында Жогорку сот Нариман Түлеевдин ишин “жаңы ачылган жагдайлардын” негизинде жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөткөн. Бишкек шаардык сотунун маалыматына ылайык, Ленин райондук соту 2021-жылдын 22-июлунда "иш-аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деген негизде Түлеевди актаган. 2021-жылдын сентябрында сот Түлеевден алынган мүлктүн бир бөлүгүн кайтарып берүү жөнүндө чечимин чыгарган.

Түлеев Бишкек мэри болуп иштеп турганда Кытайдан автобустарды жана кар тазалоочу техникаларды сатып алууда "казынага 33 млн. сом зыян келтирген" деп айыпталган 2012-жылы сот Түлеевди күнөөлүү деп таап, ага таандык делген “Караван”, “Сапатком” бизнес-борборлорун жана сегиз батирин конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Төрт жыл абакта отурган соң 2016-жылы мамлекетке 60 млн. сом төлөп, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Түлеев 2020-жылдын октябрындагы саясий кризистен кийин Бишкек шаарынын биринчи-вице-мэри болуп дайындалган. Эки күн өтпөй 22-октябрда нааразылыктардан улам кызматтан кеткен. Түлеев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен фракциялаш депутат болгон.

Акматбек Келдибеков

Ахматбек Келдибеков
Ахматбек Келдибеков

2021-жылдын 18-августунда Жогорку сот Акматбек Келдибеков боюнча бардык сот инстанцияларынын, анын ичинде өзүнүн да мурунку өкүмдөрүн жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Буга “жаңы ачылган жагдайлар” жана прокуратуранын корутундусу негиз болгон.

Келдибековго 2012-жылы кылмыш иши козголуп, 2013-жылдын ноябрында УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган. Ал Социалдык фондду, Салык кызматын жетектегенде жана парламент спикери болуп турганда “коррупциялык иштерге катышкан” жана “ыйгарым укуктарынан аша чапкан” деп айыпталган.

2016-жылдын мартында Бишкек шаардык соту Келдибековду “ыйгарым укуктарынан аша чабуу” боюнча айыптуу деп таап, 10 млн. сом айып төлөөгө өкүм кылган. Ошол эле жылы октябрда Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Келдибеков кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атаган. Бирок салынган айып пулду төлөгөн.

Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров

Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков.
Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков.

“Кумтөр” иши боюнча 2021-жылдын 31-майынан бери камакта отурган парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен мурдагы депутат Төрөбай Зулпукаров 9-декабрда эркиндикке чыкты. Эки экс-депутатка Кумтөр кенин иштетүүнүн ар кайсы этабында коррупциялык иштерге катышкан деген айып тагылып келген. 8-декабрда Башкы прокуратуранын аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүнө Жогорку Кеңеш макулдук бербей койгон. Мындан улам көзөмөл органы алардын иши депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө убактылуу токтотулуп турарын билдирген.

Жээнбеков абактан чыккандан көп өтпөй Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен кудалашып, уул-кызынын үлпөт тоюн өткөрүштү.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова иш соттолгон адамдарды актап коюу менен бүтпөшү керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекет мыйзамсыз соттолгондорду реабилитация кылып, компенсация төлөшү керек.

“Соттор актаганда сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тарткан, иш козгогон адамдардын баары жоопко тартылышы керек. Алардын баарына иш козголушу керек. Эгерде сот акталды деп өкүм чыгарып атса, демек ошол кишилердин иштерин тергөөнүн баары мыйзамсыз да. Алардын көпчүлүгү соттун өкүмү чыкканга чейин камакта отурду. Мамлекет аларга компенсация төлөп, реабилитация кылышы керек. Тергөөчүлөрдү, сотторду жоопко тартышы керек. Акталды деген абдан чоң маселе. Актап коюп эле, ошону менен чыгып кетип атпайбы. Мунун көпчүлүгү саясий өңүттө болуп атат. Президенттин, Ташиевдин тегерегинде жүргөн адамдардыкы бүт эле атайын жасалган иш болуп жатат”.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожидин Камолидинов ар бир акталган иштин артында турган укук коргоо адамдарынын иш-аракеттери талданып, чечим чыгарыларын билдирди.

“Ар бир актаган кылмыш иши боюнча талдоо жүргүзүлүп, баа берилет. Мыйзамда билип туруп, атайын кылмыш жоопкерчилигине тартуу деген түшүнүк бар. Эгерде ушундай факты болсо, анда кылмыш иши козголуп, тергөөчү, прокурор же сот болобу кылмыш жоопкерчилигине тартылат”, - деди ал.

Кош стандартпы?

Бул арада ар кандай айыптар менен саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров жана башка бир катар активисттер тергөөгө сурак берип жүрөт. Молдокматов менен Асанов тергөө абагында болсо, Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык отургандыктан мыйзам талабы боюнча жакында бошотулган. Укук коргоочу уюмдар бул саясатчылар бийликти кескин сындап келгендиктен, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттерин саясий куугунтук катары сыпатташат.

Саясатчы Равшан Жээнбеков "бийликтегилердин бири-бирин куугунтукташы жана өз-жат деген мамиле кылышы өч алуу сезимин күчөтүп" жатканын айтат. Анын айтымында, бирөөлөрдү куугунтуктап, өз жакындарын актаган иштерде саясий режимдин ролу чоң.

“Кошомат кылсаң, айткандарынан чыкпасаң акталасың. Эгерде өзүңдүн көз карашыңды айтсаң, эгемендүү позицияны карманам десең, анда акталбай, бизге окшоп отура бересиң. Бизди азыр актабашы мүмкүн. Бирок бул убактылуу нерсе экенин, эртели-кеч биз да акталарыбызды билем. Өкүнүчтүүсү – бийлик алмашканы менен, саясий система алмашпай калды. Ошондуктан кош стандарттуу саясат жүрүп жатат. Жаккандар, көз карандылар акталып жатат. Ал эми эгемендүү саясатчылар акталбай, тескерисинче, көйгөй күндөн-күнгө көбөйүүдө”.

2020-жылдын октябрындагы толкундоолордон кийин 16-октябрда Жогорку сот Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун иши боюнча мурунку айыптоочу өкүмдөрдү “жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу” деген негиз менен жокко чыгарган.

Үч саясатчы тең азыр мамлекеттик маанилүү кызматтарды ээлеп отурат. Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы, ал эми Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектейт.

"Эксперттер талдайт": Октябрь окуяларынын сабактары

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG