Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

УКМКнын шайлоо алдындагы операциясы


Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам камалганын билдирди.

Атайын кызмат алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, мурда жогорку бийликте иштегендер бар экенин маалымдап, бирок алардын аты-жөнүн ачык атаган жок. Такталбаган маалыматтарга караганда, кармалгандардын ичинде "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" деген бирикмелердин лидерлери, мүчөлөрү бар.

УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирди. Аны иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түздү.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Күмүшбек Шабдановдун маалымдашынча, кармалгандар миңдей адам топтоп, шайлоодон кийин калайман тополоң уюштурууга камданып жаткан.

"Ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген топтун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган. Бул максатта кылмыштуу топ, бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн, миңге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык башаламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган. Тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттары табылды".

Атайын кызмат кармалгандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.


Мунун алдында социалдык тармактарда "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" уюмдарынын лидерлери Азамат Мусакеев менен Нурбек Калеекев камалганы тууралуу маалымат чыккан.

Кармалгандардын арасында парламенттик шайлоого "Жашылдар" партиясынын тизмеси менен бараткан Бекназар Купешов бар экени "Азаттыкка" белгилүү болду. Анын агасы Деңиз Бекишов инисин 26-ноябрда таңга маал Бишкектен, үйүнөн кармап кетишкенин билдирди.

"Ал "Эл ынтымагында" жүргөн да. Жөн эле таксист болуп иштечү. Үйү жок, квартирада жашачу. Ишкер деле эмес болчу. Өзүнүн "бийлик элди карабайт", "жаштар ушинтип талаалап жүрөбүз, жарымыбыз мигрант болуп кеттик", тигил-бул деген пикирин Фейсбукка жазып калчу. Азамат Мусакеев менен чогуу болчу. Ал эмне кылып бийликти басып алууга аракет кылыптыр? Мылтык кармаганды да билбейт".

Бекназар Купешов 26-ноябрда түнкү саат экиге жакын Фейсбуктагы баракчасына "Чүй ынтымагы" деген аталыштагы эки сүрөт койгон. Андагы адамдардын арасынан депутат Бакытбек Жетигеновду көрүүгө болот.


Азамат Мусакеев 24-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына "Чүй ынтымагы", "Эл ынтымагы" чогулду деген жазуусу бар жоон топ адамдар менен чогуу түшкөн сүрөттү жайгаштырган. Ошол эле күнү тойканалардын биринде чогулган ондогон адамдын алдында сүйлөп жатканы, анда негизинен депутаттарды, бийликти сындаганы тартылган видеону койгон.

Анда: "Эмне үчүн башка эл курганды биз кура албайбыз? Кура албайбызбы? Сонун кылып курабыз! Жыргап жашагандай сонун билим беребиз. Медицинаны бекер кылсак болобу? Бул бизге уят да. Мунун баарына ким күнөөлүү? Мен ошон үчүн дагы бир жолу чакырам, биздин эл мыкты, алданбайлы. Жеке кызыкчылыкты көтөргөн туурабы же элдин кызыкчылыгын көтөргөн туурабы? Мындан ары бир кишинин же бир уюмдун кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын көтөрсөк кандай дейсиңер?", - деген мазмундагы сөздөрдү сүйлөгөн.

Айрым бир маалыматтарга караганда бул иш-чара ушул жылы март айында болгон.


Мусакеев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Чоң казат" партиясы менен барган.

Былтыр октябрь окуялары маалында Чүй облустук администрацияга кирип барып, үч күн губернатор катары отурган.

Мусакеев Садыр Жапаров президенттик шайлоого баратканда аны сындап жүргөн жана айрым бир маалыматтарга караганда президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди колдогон.

Камалгандардын бири делген Нурбек Калекеев болсо акыркы учурда социалдык тармактарда бийликти көмүр тарыштыгына байланыштуу байма-бай сындай баштаган.

Ушул жылдын сентябрь айында "маданият кызматкерлеринин Садыр Жапаровго кайрылуусу" деген катта дагы Мусакеевдин аты дагы аталган. Анда Жанарбек Акаев, Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгуналы Абдраимов жана Канатбек Исаев баштаган азыркы, мурдагы депутаттар, саясатчылар тополоң уюштурууга камданып жүрөт деген мазмундагы сөздөр болгон.

УКМК аты аталган адамдарды суракка алган. Бул кайрылууга кол койгондор каттын мазмуну бурмаланып кеткенин айтып чыгышкан.


Анын алдында, августта Ички иштер министрлиги Октябрь окуяларын тергеп-иликтөөнүн алкагында ушул жылдын башында ондогон саясатчылардын жана алардын жакындарынын, жарандык активисттердин, укук коргоочулардын телефондорун тыңшаганы белгилүү болгон. Алардын арасында Мусакеев да болгон.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев шайлоодон кийинки кырдаал негизинен бийликтен көз каранды болоруна токтолду. Ал Кыргызстанда шайлоо маалында билйликке сын айтылганы кадыресе көрүнүш экенин, бийлик көтөрүмдүү болушу керектигин белгиледи.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

"Улуттук деңгээлдеги шайлоолордо тилекке каршы, эмне болот деп сарсанаа болуу реалдуу маселе болуп калды. Бийликтин аракети ошондой кооптонууларга түрткү болушу мүмкүн, же алардын алдын алууга салым кошуусу мүмкүн. Бир канча убакыттан бери мамлекет башчы таза, ачык-айкын, административдик ресурсу жок шайлоо өткөрө турганын айтып келет. Ошол эле кезде акыркы күндөрү шайлоодон кийин ар кандай тополоң уюштурууга бел байлаган адамдар бар экен деген сөздөр чыкты. Президент дагы айрым адамдар камала турганын айтты. Бүгүн болсо атайын кызмат бир канча адам камалганын билдирди. Бул жерде албетте, күчтүүрөк тарап катары, бийлик башчылары, тиешелүү органдар өтө кылдат талдап, кооптондурган маселени ого бетер козутуп алуудан алыс болгону оң. Тескерисинче, алдын алууга аракет кылып, курчуп бараткан ар кандай нааразылык, пикир келишпестикти жөнгө салып, аларды сүйлөшүү, диалог аркылуу чечүү керек. Күч колдонуу, атайын кызматтын аракети менен кырдаалды ого бетер курчутуп алышы мүмкүн. Айрыкча, Кыргызстанда шайлоодо бийликке сөзсүз сын-пикир айтылат. Ансыз шайлоону элестетүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок бийлик башындагы адамдар айтылган сынга жүйөлүү жооп берип, көтөрүмдүү болушу керек.

Айрым бир басылмалар УКМК Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчыТуйгунаалы Абдраимовду 27-нобярга суракка чакырганын жазышты. Атайын кызмат буга байланыштуу дагы комментарий бере элек. Абдраимов менен бул макала жазылып жаткан чакта байланышууга мүмкүн болгон жок.


Кыргызстанда буга чейин дагы "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен бир катар саясатчыларга жана жарандык активисттерге кылмыш иштери козголуп, камакка алынган учурлар болгон.

Маселен, азыркы бийликтин тушунда Октябрь окуяларынан улам мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов ушул берененин негизинде камалган жана анын соту өткөн айда башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG