Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Абдил Сегизбаев УКМКнын алдындагы ооруканага которулду


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, учурда абакта отурган Абдил Сегизбаев УКМКнын алдындагы ооруканага которулду. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кыдыралиева "Азаттыкка" ырастады. Ал Сегизбаев эмнеси ооруп ооруканага түшкөнүн айткан жок.

Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын билдирген. Алардын ичинде “Белизгейт” окуясы, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо бар.

Сегизбаев мекемени 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал "Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG