Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Ооганстандын жаңы өкмөтүн молдо Барадар жетектеши мүмкүн


"Талибандын" негиздөөчүлөрүнүн бири жана кыймылдын саясий жетекчиси молдо Абдул Гани Барадар.
"Талибандын" негиздөөчүлөрүнүн бири жана кыймылдын саясий жетекчиси молдо Абдул Гани Барадар.

"Талибандын" негиздөөчүлөрүнүн бири жана кыймылдын саясий жетекчиси молдо Абдул Гани Барадар Ооганстандагы жаңы өкмөттү жетектерин "Рейтерс" агенттиги үч булакка таянып жазды.

Барадар 2010-жылы АКШ менен Пакистандын чалгын кызматтарынын операциясынын алкагында Карачиде кармалган. Ал сегиз жыл Пакистандын түрмөсүндө отургандан кийин эркиндикке чыккан.

Барадар 2020-жылдын башында Ооганстандагы 20 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотууга багытталган АКШ менен түзүлгөн келишимге кол койгон. Көп өтпөй телефон аркылуу Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөн.

Ошондой эле, маалыматтарга караганда "Талибандын" негиздөөчүсү жана руханий лидери, маркум молдо Мохаммад Омардын уулу Мохаммад Якуб жана кыймылдын Дохадагы кеңсесинин өкүлү Шер Мохаммад Аббасс Станекзай дагы өкмөттөгү жетекчилик кызматтарга келишет.

"Бардык жогорку лидерлер Кабулга келишти, жаңы өкмөттү жарыялоого даярдыктар аяктап жатат", - деди "Талибандын" ысымын атабаган мүчөсү.

Талибдердин дагы бир өкүлү "Франц-пресс" агенттигине билдиргендей, жаңы өкмөттүн курамы 4-сентябрдан эрте жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG