Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Жогорку аттестациялык комиссия президентке карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку аттестациялык комиссиясына "улуттук" макам берилди. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, комиссия Билим берүү жана илим министрлигине эмес, президентке караштуу болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку аттестациялык комиссия - өлкөдөгү илимий даражаларды текшерип, ыйгаруучу орган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 800дөн ашуун илимдин доктору, беш миңден ашуун кандидат, миңден ашык илимдин доктору бар.

Андан сырткары Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 200дөй кандидаттык иш жазылат, анын 10% комиссиянын сынынан өтпөй калат.

Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) 1993-жылдан бери иштеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG