Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Билим берүү кызматкерлеринин 62,9% эмделди


Онлайн окутуу учурунда сабак өтүп жаткан мугалим. Бишкек, 2021-жыл.
Онлайн окутуу учурунда сабак өтүп жаткан мугалим. Бишкек, 2021-жыл.

Мектептерде жана окуу жайларда салттуу окутууну улантуу максатында мугалимдердин жана тармактагы башка техникалык кызматкерлердин 62,97% эмдөөдөн өттү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бала бакчалардан тартып, орто мектептердин, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине чейин вакцина алды.

Мунун ичинде бала бакчалардын тарбиячылары 82,7%, орто мектептердин мугалимдери жана жумушчулары 69,25% түзөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мурдараак салттуу түрдө окутууну баштоо үчүн педагогдордун кеминде 70% эмдөөдөн өтүүгө тийиштигин билдирген.

Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери, менчигине жана макамына карабай 15-сентябрдан кадимки режимде ишин баштайт.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыркы окуу жылы 1-класстан башка класстарга онлайн башталган. 1-чейректен кийин 1-4-9-11-класстарга, ал эми "жашыл" зонадагы мектептерге бардык класстарга салттуу окутууга уруксат берилген. Жогорку окуу жайлар да ушундай эле тартипте, жарым-жартылай онлайн окуган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG