Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Москвада Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда


Дөөлөт Сыдыков. Москва.
Дөөлөт Сыдыков. Москва.

Москвада бул күндөрү манасчы Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” айтуусу уланууда. Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата беш күн, беш түн жүрөрү айтылган иш-чара 31-августта башталган.

Бүгүн 1-сентябрда 20 саат өткөндөн кийин бир аз тыныгуу болду.

Манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова бул иш-чара Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен өтүп жатканын билдирген.

Сыдыков бул жолу да Гиннестин рекоррддор китебине катталууга аракет кылып жатат.

Ал 2020-жылы 12-ноябрда өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт тынбай "Манас" айткан. Бирок анын биринчи аракети рекорддор китебине расмий каттала элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG