Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

Иран Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдү улантат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Иран жаңы өкмөт кураган соң Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрөт. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Ирандын Ирактагы элчиси Ирада Масжиди “Биз буга чейин Сауд Арабия менен үч жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз, төртүнчүсү Ирандын жаңы өкмөтү түзүлгөн соң өтөт”, - деп билдирди.

Исламдын шийи багытын карманган Иран менен сунни багытын тутунган Сауд Арабиясы Жакынкы Чыгыштагы таасир талашып жаатташкан өлкөлөр. Ислам динин карманган эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы 2016-жылы ирандык демонстранттар Эр-Рияд шийи диниятчысын өлүм жазасына тарткан соң Сауд Арабиянын элчилигине чабуул койгон учурда токтотулган.

Быйыл жыл башында Иран жана сауд бийлик өкүлдөрү Ирактын борбору Багдадда жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү кабарланган. Бул эки өлкөнүн алакасы начарлагандан кийинки алгачкы жолугушуусу болгон эле. Расмий Тегеран жолугушуу өткөнүн ырастап, талаштуу маселелерди чечүү үчүн бардык аракетти көрөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG