Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Жапаров Бишкекте ЖККУнун Баш катчысы Зась менен жолукту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась, Бишкек, 1-сентябрь, 2021.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась, Бишкек, 1-сентябрь, 2021.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Анда Зась 15-16-сентябрь күндөрү Дүйшөмбүдө өтө турган Уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдыктар жана ЖККУ алкагындагы аймактардагы коопсуздук тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Мындан сырткары баш катчы Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен жолугушту.

Станислав Зась Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен 31-августта келген.

Дүйшөмбү шаарында өтө турган сессияда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биргелешкен отуруму болот.

ЖККУ 1992-жылы Ташкентте түзүлгөн. Ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп кирген. Азербайжан, Беларус, Грузия кийинчерээк кошулган. 1999-жылы келишимди узартуудан Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан баш тарткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG